Кытайлыктар Ысык-Көлдүн айланасындагы жолду коопсуз кылуу ниетинде

© Sputnik / Табылды КадырбековБалыкчыга кире бериш жолдогу пост. Архив
Балыкчыга кире бериш жолдогу пост. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай тарап трассага онлайн-система орнотуудан сырткары облустун аймагында сүлгү жана халат жасоочу фабрика курууга кызыкдар болуп жатат.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кытайдын Аэрокосмостук илим жана техника боюнча корпорациясы Ысык-Көлдүн айланасындагы трассада жол коопсуздугун сактоо үчүн онлайн-система долбоорун ишке ашырууга ниеттенүүдө. Бул туурасында өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Облус башчысы Аскат Акибаев корпорациянын өкүлдөрү менен жолукканда бул маселе талкууланган. Кытай тарап трассага онлайн-система орнотуудан сырткары облустун аймагында сүлгү жана халат жасоочу фабрикаларды курууга кызыкдар экендиктерин билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0