Сурабалдиева: фракция лидерлери, кызмат бөлүштүргөндө гана кыйынсыңар!

© Фото / секретариат фракции СДПКДепутат Эльвира Сурабалдиева
Депутат Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынан депутат, Кыргызстан аялдары форумунун төрайымы Элвира Сурабалдиева парламенттин жыйынында эркек депутаттар үй-бүлөлүк зомбулук маселесин чечкиси келбей жатканын айтты.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеште экинчи окууда "Үй-бөлүлүк зомбулуктан коргоону жөнүндөгү" мыйзам долбоору талкууланды. Мыйзамды ишке ашыруу үчүн 25 миллион сомдой каражат керек. Өкмөт анын кабыл алынышына каршы чыгып, каражаттын жок экени жүйө келтирди. Өкмөттүн мындай чечимин айрым депутаттар дагы колдоого алган.

Сурабалдиева жума күнү Ош шаарында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы талкуу болорун билдирди. Ага Кыргызстан аялдары форумунун өкүлдөрү да катышарын айткан депутат айым ар бир фракция лидерине аталган жыйынга бирден эркек депутатты жиберүү боюнча кат жолдогонун, бирок эч ким жооп бербегенин баса белгиледи.

"Фракция лидерлеринин бирөө дагы бир эркек депутатты жиберген жок. Бизде үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мамиле ушундай… Бир гана саясий талаш-тартыш учурунда гана трибунага чыгып кыйкырып калабыз", — деди ал.

Диванда отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик кызматта аялдардын саны эркектерге караганда алда канча аз. Статистика
Сатыбалдиева аялдар арасында суицид көп экенин кошумчалады. Бирок ага эч кандай көңүл бөлбөй, аймактарды атайын кризистик борборлор ачылбай жатканын белгиледи.

"Биз 25 миллион сом таба албай калдыкпы? Тойго, маараке жана башка нерселерге акча табабыз, ал эми кризистик борборлорду ачканга акча жок. Кыйынчылык башка түшүп турганда бир дагы эркек чыкпайт! Алты фракциянын лидерлери, силер трибунага кызмат бөлүштүрүүдө гана чыгасыңар. Аялдар форумунун төрайымы катары силерди сыйлабай калдым", — деп депутат айым кесиптештерин зекиди.

Ал мыйзам долбоорун колдоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0