Бишкекте Светлана Назаренконун катышуусунда кайрымдуулук кечеси өтөт

© Sputnik / Артур Лебедев / Медиабанкка өтүүМеждународный конкурс молодых исполнителей популярной музыки "Новая Волна 2015". День первый
Международный конкурс молодых исполнителей популярной музыки Новая Волна 2015. День первый - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чогулган каражат Талас облусундагы "Чалдыбар" мектеп-интернатынын имаратын оңдоого жумшалат.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бишкек шаарында 7-февраль күнү кайрымдуулук кечеси өтө турганын иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты.

Маалыматка караганда, кайрымдуулук кечесинен чогулган каражат Талас облусундагы "Чалдыбар" мектеп-интернатынын имаратын оңдоого жумшалат.

"Иш-чара Бишкектеги "Туңгуч" концерттик залында "Город 312" тобунун солисти Светлана Назаренко, Жийдеш, Салтанат Аширова, Айым Айылчиева жана Аяна Касымованын катышуусунда өтөт. Ошондой эле "Жарайт Сити" менен "Эл эмне дейт" долбоорунун мүчөлөрү катышат. Кечени Элдияр Кененсаров алып барат", — деп айтылат маалыматта.

Чалдыбар мектеп-интернаты — Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Кызыл-Сай айылында жайгашкан. Учурда анда 320 жетим бала тарбияланып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0