Бүгүн Бишкекте жүрөк кан тамыр ооруларын алдын алууну талкуулашат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКраевая станция переливания крови во Владивостоке
Краевая станция переливания крови во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Университетте кан тамыр ооруларынын пайда болушу, илдеттен сактануу жана сергек жашоо образынын мааниси туурасында айтып беришет.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада жүрөк кан тамыр ооруларын алдын алган жана коомчулукту сергек жашоо образына үгүттөгөн иш-чаралар өтөт. Бул туурасында Кыргыз улуттук медициналык академиясынан кабарлашты.

Операция по имплантации сердечного клапана в Научном центре сердечно-сосудистой хирургии им. А.Н. Бакулева - Sputnik Кыргызстан
Оорулуу сандар: кыргызстандыктар кайсы илдеттен көз жумат
Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетинде окутуучулар менен студенттер үчүн аталган оорулар туурасында маалыматтар берилет. Анда инсульт аны алдын ала аныктоо жана профилактикалык иштер талкууланат. Кан тамыр ооруларынын пайда болушу, сергек жашоо образынын мааниси туурасында айтып беришет.

Кыргызстандыктардын өмүрүн алган илдеттердин башында кан айлануу системасы менен жүрөк-кан тамыр илдеттери турат. Бул туурасында Статистикалык комитет өткөн жылдын аягында билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0