Муфтият Жалал-Абаддагы диний окуу жайларды текшерди

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүОткрытие после реставрации Апанаевской мечети
Открытие после реставрации Апанаевской мечети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облус казыятынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн жыйында окуу жайлардын жалпы стандартка ылайык иш алып баруусуна басым жасалды.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) Жалал-Абад облусундагы диний окуу жайларды текшерип чыкканын муфтият билдирди.

Меккедеги зыяратылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтият ажылыкка байланыштуу сынак жарыялады
Маалыматка ылайык, текшерүү иштерине КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Замир кары Ракиев, бөлүм кызматкери Орозали ажы Адраңов жана муфтияттын иш башкаруу жана чарба бөлүмүнүн башчысы Алимбай Эргешов катышкан.

Жыйын жүрүшүндө Замир кары Ракиев 2017-жыл ичинде диний окуу жайлардын окуу процессин стандартка ылайык жүргүзүү жана диний окуу жайларды тажрыйба алмашуу жолу аркылуу өнүктүрүүнү ишке ашыруу жолдорун түшүндүрүп, муфтият тараптан коюлган бардык талаптарга ылайык иштөө зарылдыгын эскертти.

Ал эми Орозали ажы Адраңов бардык диний окуу жайларында иш кагаздарын жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салуу, бүтүрүүчүлөрдү тактоо жана инвентаризация иштерин жүргүзүү тапшырмаларын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0