Учак кырсыгынан жабыркагандар ишине жакын батирлерге убактылуу көчүрүлөт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСотрудники МЧС разбирают завалы на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в Дача-Суу недалеко от аэропорта "Манас"
Сотрудники МЧС разбирают завалы на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в Дача-Суу недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан улам үй-жайсыз калган жарандар учурда "Семетей" мейманканасына жайгаштырылган.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Дача айылында болгон учак кырсыгынан улам үйсүз калган жарандар убактылуу жайларга көчүрүлөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев авиакырсыктын себептерин иликтөө үчүн түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын жумушчу жыйынында билдирди.

Жыйында тиешелүү министрликтер менен биринчи кезекте "Семетей" мейманканасында жашап жаткан жарандарды тез арада убактылуу батирлерге көчүрүү маселеси каралды.

"Кыска убакыт аралыгында үйсүз калгандарды алардын иштеген жерине жана балдардын мектебине жараша убактылуу батирлерге көчүрүү маселесин чечишибиз керек. Бул багытта тиешелүү министрликтер, Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү жана жергиликтүү бийлик органдары ыңгайлуу батирлерди сунуштагыла", — деди Абулгазиев.

Сбор и вывоз обломков на месте крушения Boeing 747 в селе Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Дача айылында кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңы турак жай курулбайт
Биринчи вице-премьер АСТ түрк авиакомпаниясынын башкы директору Желал Карабаш баштаган өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берип, түрк тарап келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүүгө жардам берерин билдиргенин кошумчалады.

Эске салсак, 16-январда "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулап, 39 киши каза болгон. Кырсыктан улам үй-жайсыз калган жарандар учурда "Семетей" мейманканасына жайгаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0