Депутаттар окуучулардын телефон көтөрүүсүнө тыюу салуу демилгесин көтөрүштү

© Sputnik / Табылды КадырбековТелефон кармап турган кыздын архивдик сүрөтү
Телефон кармап турган кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулунун айтымында, окуучулар телефондорду максатсыз алып жүрүшөт.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Мектеп окуучуларынын уюлдук телефон көтөрүүсүнө тыюу салуу керек. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жунус уулу Алтынбек
Депутат Жунус уулу Алтынбек - Sputnik Кыргызстан
Депутат Жунус уулу Алтынбек

Анын айтымында, окуучулар уюлдук телефондорду максатсыз колдонушат.

"Окуучулар уюлдук телефондордон туура эмес жактарга кирип, ар кандай маалыматтарды алып жатышат. Учурда социалдык тармактарда өспүрүмдөрдү суицидге түрткөн оюндар жүрүп жатат. Ошондуктан окуучулардын чөнтөк телефон көтөрүүсүнө тыюу салуу керек", — деди депутат.

Буга чейин кыргызстандык өспүрүмдөр социалдык тармактар аркылуу "морекитов", "тихий дом", явигре" жана "разбудименяв420" хэштегдери менен бөлүшө баштаганы айтылган. Ал эми Россиянын укук коргоо органдары өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салып жатышына аталган хэштегдердин тиешеси бар экенин билдирген.

Интернеттеги оюндардын терс таасири тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0