Мектеп директорлоруна "өлүм" топтору тууралуу маалымат берилди

© пресс-служба мэрии города БишкекСеминар, посвященный всплеску активности в социальных сетях групп, склоняющих несовершеннолетних к суициду в Бишкеке
Семинар, посвященный всплеску активности в социальных сетях групп, склоняющих несовершеннолетних к суициду в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп жетекчилери окуучуларды өлүмгө үндөгөн социалдык тармактардагы топтор тууралуу маалымат алып, оюнга берилген балдарды кантип аныктоо керек экенин үйрөнүштү.

БИШКЕК, 01-фев. — Sputnik. Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы мектеп директорлору үчүн семинар уюштурду. Анда балдарды суицидге үндөгөн социалдык тармактардагы топтор тууралуу талкууланган. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаардык билим берүү башкармалыгы мектеп директорлору үчүн семинар уюштурду
Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы мектеп директорлору үчүн семинар уюштурду - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы мектеп директорлору үчүн семинар уюштурду
© пресс-служба мэрии города БишкекАнда балдарды суицидге үндөгөн социалдык тармактардагы топтор тууралуу талкууланган. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Анда балдарды суицидге үндөгөн социалдык тармактардагы топтор тууралуу талкууланган. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Анда балдарды суицидге үндөгөн социалдык тармактардагы топтор тууралуу талкууланган. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
1/2
Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы мектеп директорлору үчүн семинар уюштурду
2/2
Анда балдарды суицидге үндөгөн социалдык тармактардагы топтор тууралуу талкууланган. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин кыргызстандык өспүрүмдөр социалдык тармактар аркылуу "морекитов", "тихий дом", явигре" жана "разбудименяв420" хэштегдери менен бөлүшө баштаганы айтылган. Ал эми Россиянын укук коргоо органдары өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салып жатышына аталган хэштегдердин тиешеси бар экенин билдирген.

"Чакырылган директорлорго балдардын аң-сезимине терс таасир тийгизген оюндар тууралуу презентация өткөрүлдү. Бул оюндарга берилип кеткен балдар — кайгыга батып, бетин колу менен жаап, сөөмөйүн көрсөтө баштайт. Ушул жана башка маалыматтар мугалимдер менен талкууланды", — деп айтылат билдирүүдө.

Жилые дома района Сокольники - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин Чыгыш-5 аймагынан окуучу 5-кабаттан секирип кетти
Бишкектин башкы психиатры Кеңеш Усенов педагогдорго балдардын кылык-жоруктарына өзгөчө көңүл буруу керек экенин эскертип, ата-энелер менен иш алып баруу зарылдыгын айткан.

Буга чейин Билим берүү министрлиги аталган оюндун кооптуулугу чоң экенин билдирген. Ал эми ИИМ бул факты боюнча иш алып барарын билдирип, өлкөдөгү суициддердин бири дагы интернетке байланышы жок экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0