Соцфонд: 245 миң пенсионер жашоо минимумунан төмөн пенсия алат

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүВыдача пенсий в почтовом отделении №51 Грозного
Выдача пенсий в почтовом отделении №51 Грозного - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жашоо минимумунан төмөн пенсия алгандар жалпы пенсионерлердин 42 пайызын түзөт.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Өлкө боюнча 245 миң пенсионер жашоо минимумунан төмөн пенсия алат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров парламентте Социалдык фонддун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу каралып жатканда билдирди.

Анын айтымында, орточо пенсиянын өлчөмү 5150 сомду түзөт.

"Өлкө боюнча 245 миң пенсионер жашоо минимумунан төмөн пенсия алат. Орточо пенсия 5150 сом. Пенсия алгандардын катарында 1600, 2500 сом алгандар бар", — деди Теңизбаев.

Ал жашоо минимумунан төмөн пенсия алгандар жалпы пенсионерлердин 42 пайызын түзөрүн кошумчалады. Ал эми талкуу учурунда КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев айрым адамдар пенсиясын албай өтүп кеткен учурлар бар экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0