КММА окуу жайдын биринчи ректорунун 110 жылдыгына карата олимпиада өткөрөт

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүЮжно-Уральский государственный медицинский университет
Южно-Уральский государственный медицинский университет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Олимпиадага өлкөдөгү медициналык окуу жайлардын өкүлдөрү жана Казакстан, Россиянын болочок дарыгерлери катышмакчы.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы эл аралык студенттик олимпиада өткөрөт. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандагы Кыргыз-орус славян университетинин медициналык факультетинин студенттери Новосибирск шаарында өткөн эл аралык олимпиадада - Sputnik Кыргызстан
КМШнын 5 өлкөсүнүн ичинен кыргызстандык студенттер анатомиядан эң мыкты деп табылды
Иммунология, вирусология жана микробиология багытында өткөрүлчү иш-чара 15-февралда окуу жайдын биринчи ректору, профессор Борис Эльберттин 110 жылдыгына арналмакчы.

Олимпиадага өлкөдөгү медициналык окуу жайлардын өкүлдөрү жана Казакстан, Россиянын болочок дарыгерлери катышат.

Иш-чаранын программасында бири катар сынактар каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0