Окумуштуулар дарактын кайсыл түрү бат чирий турганын аныкташты

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЗолотая осень в Великом Новгороде
Золотая осень в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык экологдор 1970-жылдан бери СССРдин окумуштуулары изилдеп келген ишти улантышкан.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Россиялык экологдор дарактын кайсы түрү бат чирип, кайсынысы чыдамкай боло тургандыгын аныктап чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости Forest Ecology and Management журналына шилтеме кылуу менен жазып чыкты.

Карелия илим изилдөө борборунун окумуштуусу Екатерина Шорохованын айтымында, кызыл карагайлар бат чирисе, кайың башка дарактарга караганда чыдамкай болот.

"Дарактардын эң катуу жери ырткы катмары болуп саналат. Андыктан курттар сырткы катмарды көп жей албай, ички бөлүгүн гана кемиришет. Дарактардын чиришине эң кеминде 30 жыл керектелет. Изилдөөгө ылайык, карагай, кызыл карагайлар башка дарактарга караганда бат чирийт", — деп жазылат маалыматта.

Шорохова баштаган экологдор 1970-жылдан бери СССРдин окумуштуулары изилдеп келген ишти улантышкан. Ошентип көп жылдык изилдөөнүн арты менен жыйынтык чыккан. Аталган иликтөө токой чарбада иштегендерге жардам болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0