Антальяда комада жаткан кыргызстандык кыздын абалы начарлай баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековБолезни сердечно-сосудистой системы
Болезни сердечно-сосудистой системы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык кызга эки күн мурда операция жасалган. Бирок анын абалы шейшемби күнү начарлай баштады.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Антальянын ооруканасында комада жаткан кыргызстандык кыздын мээсине кан куюлуп кеткенин КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Неизвестный избивает женщину в продовольственном магазине в районе ГЭС-2 - Sputnik Кыргызстан
Ур-тепкиге кабылган үч аялдын ишин министр өз көзөмөлүнө алды
Анталья — Коркутели авто жолунда декабрь айынын акырында эс учу жоголгончо сабалган кыз табылган. Жабырлануучунун сүрөтү социалдык тармакка таркап кеткен. Айрым колдонуучулар ал кыргызстандык болушу мүмкүн экенин айтышкан. Кийинчерээк КР ТИМи бул маалыматты ырастаган. Ведомство жабырлануучу акырындык менен өзүнө келе баштаганын кабарлаган. Ал эми кол салууга шектелгендер кармалган.

27-январда баш сөөккө имплант орнотуу боюнча экинчи операция ийгиликтүү өткөнү менен 31-январда кыздын мээсине кан куюлуп абалы начарлай баштады.

Учурда бейтап реанимация бөлүмүнө которулган. Абалы оор. Жанында апасы карап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0