Москвадагы 8 кыргызстандыктын өмүрүн алган өрттүн себеби жыл өтсө да белгисиз

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМындан туура бир жыл мурда Москва шаарынын Стромынка көчөсүндөгү өнөр жай имараттарынын биринен өрт чыгып, үч миң чарчы метри күйүп кеткен
Мындан туура бир жыл мурда Москва шаарынын Стромынка көчөсүндөгү өнөр жай имараттарынын биринен өрт чыгып, үч миң чарчы метри күйүп кеткен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан туура бир жыл мурда Москва шаарынын Стромынка көчөсүндөгү өнөр жай имараттарынын биринен өрт чыгып, үч миң чарчы метри күйүп кеткен. Имараттын чатыры кулап, 12 адам каза тапкан. Алардын сегизи кыргызстандыктар эле.

Мерт кеткендер Баткен облусунун Кызыл-Бел, Кара-Булак, Таян жана Кайыңды айылдарынын тургундары болчу. Алардын жетөө жакын туугандар экени аныкталган. Окуя боюнча тергөө иштери башталып, маркумдардын жакындарына компенсация төлөө маселеси көтөрүлгөн.

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМындан туура бир жыл мурда Москва шаарынын Стромынка көчөсүндөгү өнөр жай имараттарынын биринен өрт чыгып, үч миң чарчы метри күйүп кеткен
1/4
Мындан туура бир жыл мурда Москва шаарынын Стромынка көчөсүндөгү өнөр жай имараттарынын биринен өрт чыгып, үч миң чарчы метри күйүп кеткен
© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүИмараттын чатыры кулап, 12 адам каза тапкан
2/4
Имараттын чатыры кулап, 12 адам каза тапкан
© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАлардын сегизи кыргызстандыктар эле
3/4
Алардын сегизи кыргызстандыктар эле
© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМерт кеткендер Баткен облусунун Кызыл-Бел, Кара-Булак, Таян жана Кайыңды айылдарынын тургундары болчу.
4/4
Мерт кеткендер Баткен облусунун Кызыл-Бел, Кара-Булак, Таян жана Кайыңды айылдарынын тургундары болчу.
1/4
Мындан туура бир жыл мурда Москва шаарынын Стромынка көчөсүндөгү өнөр жай имараттарынын биринен өрт чыгып, үч миң чарчы метри күйүп кеткен
2/4
Имараттын чатыры кулап, 12 адам каза тапкан
3/4
Алардын сегизи кыргызстандыктар эле
4/4
Мерт кеткендер Баткен облусунун Кызыл-Бел, Кара-Булак, Таян жана Кайыңды айылдарынын тургундары болчу.

Sputnik Кыргызстан агенттиги тилсиз жоонун курмандыгына айланган мекендештерди эстеп, алардын жакындарынын айрымдары менен байланышып көрдү.

Бериле элек компенсация

Кырсыктан каза болгон 1988-жылкы Сажида Масалиеванын артында беш жаштагы баласы калган. Маркумдун атасы Зиёвидин Масалиевдин айтымында, компенсация бүгүнкү күнгө чейин бериле элек.

"Кызыман калган 5 жаштагы неберем биздин колдо. Азыр анын атына 1200 сом тегерегинде пенсия чыгып жатат. Өкмөт башчы дагы компенсация берилет дегендей кылды эле, бирок анысын ала элекпиз", — деди ал.

Учак менен сөөктү жеткирүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөдөгү КР жарандарынын жүрөк титиреткен өлүмдөрү
Ал эми 33 жаштагы Токтокан Салиева аттуу кыргызстандык жарандын артында үч кызы жетим калган. Маркумдун жолдошу Абдираим Матраимов дагы компенсация маселеси чечиле электигин белгиледи.

"Кыздарымдын улуусу Адинай 12 жашка чыкса, Каныгүл 11 жашта, ал эми кичүү кызым Самира беш жашка чыгып калды. Учурда чоң энеси менен жашап жатышат. Мен болсо Чүйдө дыйканчылык менен алектенем. Кыш мезгилинде Баткенге келип кыздарым менен убакыт өткөрөм. Мамлекет тарабынан кыздарымдын ар бирине 1100 сомдун тегерегинде жөлөк пул берилип турат. Ал эми компенсация маселеси чечилген жок", — деди Матраимов.

Иликтөө бүтпөй жатат…

Адам өмүрүн кыйган кырсыкка бир жыл толсо дагы анын себептери аныкталып бүтө элек. Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кеңешчиси Дастан Ниязалиевдин айтымында, учурда кырсык боюнча тергөө иштери уланып жатат.

"Бул окуя боюнча кайрадан комиссия түзүлүп, териштирүү иштери улантылып жаткандыктан күнөөлүү тарап так аныктала элек. Буга байланыштуу компенсация төлөө маселеси чечилбеген бойдон турат", — деп билдирди Ниязалиев.

Анын айтымында, тергөө иштери аяктап, күнөөлүү тарап аныкталгандан кийин гана компенсациянын көлөмү аныкталат.

Кайдыгер карабаган мигранттар

"Москва KG" гезитинин башкы редактору Жылдыз Осмонова Россиядагы мигранттар каза болгондордун жакындарына колдоо көрсөтүп турарын айтты.

"Жаңы жыл алдында чет жакта жүргөн мекендештер акча чогултуп маркумдардын жакындарына жардам көрсөттүк. Балдарга кийим-кече, оюнчук жана окуу куралдарын алып бердик", — деди Осмонова.

Белгилей кетсек, каза болгондордун сөөгүн КРге алып келүү чыгымдарын өкмөт төлөп берген. Ал эми Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк маркумдардын жакындарына 10 миң сомдон бөлгөн. Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк маянасын бөлүп берсе, акимчилик бир тоннадан көмүр, айыл өкмөт ун түрүндө жардам көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0