"Эки" алган окуучу үчүн атка минерлер жооптуу болот

Жазылуу
Аким менен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы окуучулар жалпы республикалык тестте 110 баллдан жогору ала албаган учурда сөгүш алат.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Окуучулардын жаман окугандыгы үчүн акимдер менен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчыларына сөгүш жарыялоо керек. Мындай демилгени вице-премьер Чолпон Султанбекова сунуштаганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жогорудагы аталган кызматкерлер окуучулар жалпы республикалык тестте 110 баллдан жогору ала албаган учурда сөгүш алат. Белгилей кетсек, акыркы мезгилде Өзгөн, Араван, Чоң-Алай, Тоң жана Манас райондорунун окуучулары тесттин жыйынтыгы боюнча начар көрсөткүчө ээ болуп келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0