Кыргызгидромет: туруксуз аба ырайы күтүлөт

© Sputnik / Владимир Семенюк / Медиабанкка өтүүКар учурунда көчөдө бараткан шаар тургундарынын архивдик сүрөтү
Кар учурунда көчөдө бараткан шаар тургундарынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдор тайгак, тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. 31-январдан 1-февралга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кар көчкү түшө турган аймактар — карта
Маалыматка ылайык, мезгил-мезгили менен кар жаап, 31-январда айрым жерлерде катуу жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад облустарында зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак, тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Түнкүсүн Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө —11…-16 градус, күндүз —1 градус сууктан 4 градуска чейин жылыйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн —3…-8 градус суук, күндүз 4 градуска чейин жылуу болот.

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн —10…-15 градус суук, күндүз 4 градуска чейин жылыйт. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн —19…-24 градус суук, күндүз 11 градуска чейин суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0