22:23 24 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.2440
  • EUR79.6305
  • RUB1.0791
Астанадагы Назарбаев университетинде иштеген кыргызстандык профессор Дүйшөн Шаматов

Казакстандагы кыргыз профессор: казактар бир туугандык кылганда жашыдым

© Фото / Алия Самидин
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Алия Самидин
4425240

Sputnik кабарчысы Алия Самидин Астанадагы Назарбаев университетинде иштеген кыргызстандык профессор Дүйшөн Шаматов менен жолугуп, анын ийгиликтери жана коңшу өлкөнүн билим берүү системасындагы жаңылыктары тууралуу маектешти.

Дүйшөн Шаматов үч жарым жылдан бери аталган университетте илим изилдөө жаатында сабак берип келет. Ал Кыргызстан менен Казакстандын билим берүү системасында кандай айырмачылыктар бар экенин жана кантип казак студенттеринин сүймөнчүлүгүнө ээ болгону тууралуу айтып берди.

— Ааламга карай жол айылдан башталат демекчи, кайсы айылдын кулуну болосуз жана профессордук даражага жетүү үчүн кандай жолду басып өттүңүз?

— Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынан болом. Орто мектепти аяктап, Казакстандагы жогорку милиция мектебине тапшырууну чечкем. Бирок аталган окуу жай армияга барбагандарды кабылдабай турганын укканда, эки жыл армияда кызмат өтөп, кайрадан тапшырып көрүүнү ойлогом. Бирок бир күнү айылыбызга мамлелекеттик кызматкер келип калып "жакшы окуйт экенсиң, окууга тапшырып көр" деди. Анын сөзүн угуп мурдагы Ош педагогикалык институтунун чет тилдер факультетине тапшырдым. Ал кезде чет тилдер факультетинин аброю анчалык жогору эмес эле. Орус тили жана тарых факультеттери күчтүү болчу. Анткени аталган факультеттин бүтүрүүчүлөрү түздөн түз коммунисттик партияга жумушка орношууга мүмкүнчүлүк алчу. Мени тамашалап "тили чулдур факультеттер, колуңардан эмне келет" дегендер болду. Кийинчерээк союз тараганда чет тилчилердин аброю заматта өстү. Кыргызстан чет өлкөлөр менен алака түзүп, уюмдар иштей баштады. Аны менен бирге чет тилчилерге да талаптар жогорулады. Ал эми тарых факультетин бүтүргөн досторум мага көрөгөчтүк кылган экенсиң деп айтып жүрүштү.

— Ошентип милиция болуу максатыныңызга жетпей калган экенсиз да?

— Ооба, милиция же сот болсом деген оюм бар эле. Азыр ал тармактарды аркалабай калганыма кубанам. Себеби болочок милиционерлер менен сотторду окутууга мүмкүнчүлүк жаралды. Буга ылайык өзүмдүн алгачкы максаттарымдан анчалык деле алыс кеткен жокмун деп ойлойм.

Профессор Высшей школы образования Назарбаев Университет из Кыргызстана Дуйшон Шаматов
© Фото / Алия Самидин
Дүйшөн Шаматов: милиция же сот болсом деген оюм бар эле. Азыр ал тармактарды аркалабай калганыма кубанам. Себеби болочок милиционерлер менен сотторду окутууга мүмкүнчүлүк жаралды. Буга ылайык өзүмдүн алгачкы максаттарымдан анчалык деле алыс кеткен жокмун деп ойлойм

— Алгачкы ишиңизди кайсы жерден баштадыңыз?

— Союз кыйрап көптөгөн украин, немец, еврей улутундагы мугалимдер өз мекендерине кайткандан кийин чет тилдер факультетинде жаңы кадрларга болгон муктаждык пайда болду. Ушуга байланыштуу өзүм бүтүргөн окуу жайдан сунуш түшүп, ошол жерде иштеп калдым. Мен үчүн сыймык болгону менен маянам өтө эле аз болчу. 1993-94-жылдар өлкөбүз үчүн оор болду. Кээ бир мугалимдер экзамен учурунда акча табуунун ар кандай жолдорун колдонушту десем да болот. Мен болсо 2-3 жумушта иштей баштадым. Эртең менен мектепте, анан университеттин эки башка факультеттеринде, кечинде болсо бир кишинин баласына үйдөн кошумча сабак берип жүрдүм. Үйгө келип эле уктап калчумун. Жакшы жагы ар дайым курсагым ток, чөнтөгүмдө бешене терим менен тапкан аз да болсо акча бар эле. Экзамендерде баа үчүн тыйын албай, өзүмдүн "тазалыгымды" сактадым деп айта алам.

— Бир нече тил билгендер башка өлкөгө чыгууга аракет кылышат эмеспи. Сиз дагы чет мамлекеттен билим алсаңыз керек?

— Ооба, 1996-жылы Пакистандын Карачи шаарындагы окуу жайлардын бирине магистратурага тапшырдым. Анда эки жыл окуп, кайра Ош мамлекеттик университетине келдим. Кийин Канаданын Торонто университетинде докторантурада окудум. Диссертациямдын темасын атайын Кыргызстанга байланыштырып жаш мугалимдердин калыптанышын изилдедим.

— АКШ же Европа өлкөлөрүндө иштеп калбай Казакстанды тандап алганыңызга эмне себеп болду?

— Кыргызстанга келип, университеттерде илимий кызматкер, мугалим болуп иштеп жүрдүм. Билим берүү тармагын реформалап, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө колдон келишинче аракет жасадым. 2012-жылы Бишкекте иштеп жүргөнүмдө, Казакстандагы Назарбаев университетинде өткөн жогорку окуу жайлардын лидерлеринин форумуна катышып калдым. Мага окуу жайдын билим беруу системасы жагып, кызматташууну чечтим. Көп өтпөй интернеттен аталган окуу жайга вакансия бар экенин окуп калдым. Документтеримди тапшырып, күчүмдү сынап көрөйүн дедим. 3-4 айдын ичинде "биринчи этаптан өттүң" деген жооп келди. Андан кийин үч жолку интервьюдан өттүм. Бул жакшы кабарды угуп сүйүнүп отурганымда, АКШга илимий изилдөө боюнча тогуз айлык грантты утуп алдыңыз деген кабар келди. Экөө тең бир мезгилге туш келип, чечим чыгаруу бир аз кыйын болду. Үй-бүлөм менен кеңешип, Казакстанга барууну чечтик. Арадан билинбей үч жарым жыл өтүп кетти.

— Астананын суугун көрүп "АКШга эле барсам болмок экен" деп өкүнүп калган жоксузбу?

— Жок, келгенде эле кадыр баркка, студенттердин сүйүүсүнө ээ болдум десем болот. Докторанттарга жумасына бир жолу илимий изилдөө боюнча сабак өтөм. Алар ар бир сабактын соңунда кол чабышат. Сабакка бериле даярданып, түшүндүргөнүмдү баалап жатышса керек деп ичимден сүйүнүп калам.

Профессор Высшей школы образования Назарбаев Университет из Кыргызстана Дуйшон Шаматов
© Фото / Алия Самидин
Дүйшөн Шаматов: келинчегиме "жолдошуңуз университетте иштейби? Биз тааныган кыргыздар базарда иштейт эле" дегендер болуптур. Базарда байпак саткандар өз мээнети менен акча таап, балдарын окутуп жатышат. Алардын эмгегин баалаш керек

— Астанага келгенде алгач кандай кыйынчылыктар болду?

— Бул жактагы катуу шамалдан башка кыйынчылыктар болгон жок. Пакистанда жүргөндө сырттан келген адам экениң билинип калчу. Бул жакта аралашып эле жүрөбүз. Эки элдин маданияты менен каада салтындагы окшоштуктарды көрүп, өзүмчө сүйүнөм. Кечээ эле Дача айылындагы авиакырсыкта казак жарандарынын жардамын көрүп жашыдым. Кандай болсо дагы казактар бир тууган эл экенин көрсөтөт экен.

— Бул жактан кыргыздарды жолуктуруп калсам эле "кайсы базарда иштейсиң" деп сурашат. Мындай суроону сиз дагы уккан чыгарсыз?

— Таксиде болобу же башка жерде болобу өзүмду реклама кылбайм. Бирок кыргызча сүйлөгөнүмдү байкагандар кыргызсыңбы деп сурашат. Келинчегиме "жолдошуңуз университетте иштейби? Биз тааныган кыргыздар базарда иштейт эле" дегендер болуптур. Базарда байпак саткандар өз мээнети менен акча таап, балдарын окутуп жатышат. Алардын эмгегин баалаш керек.

— Казакстандын билим берүү деңгээли Кыргызстандан алдыда десек болобу?

— Жогорку окуу жайларды ала турган болсок, Казакстанда ийгиликтер менен кошо көйгөйлөр дагы бар. Жакшы жагын айта турган болсок, Казакстан советтик системадан баш тартып эл аралык системага өттү. Тагыраагы, бул жакта бакалавриат, магистратура андан ары эл аралык PhD стандартындагы докторантура боюнча билим алышат. Ал эми Кыргызстанда бакалавриат, магистратура, аны аяктагандан кийин кайра эле аспирантурада окушат. Анда магистратуранын эмне кереги бар? Буга чейин беш жылдык окуу жайды бүтүрүп эле аспирантурада окуйт эмес белек. Кыргызстандын да билим берүү системасында жакшы нерселер болуп жатат, бирок факультет же университеттин деңгээли менен чектелүүдө.

— Чет өлкөдө иштеген мекендештерибиз алган тажрыйбаларын Кыргызстандын өнүгүшүнө жумшаса деген ой жаралбай койбойт экен…

— Бир кинонун каарманы айткандай "индиялыкты Индиядан алып кетип калса болот, бирок Индияны индиялыктын жүрөгүнөн алып чыга албайсың" деген сыяктуу эле мен дагы кайсы өлкөдө жүрбөйүн, Кыргызстан ар качан жүрөгүмдө. Оңой турмушту издеген болсом, Канадада калып кетет белем… Учурда Казакстанда жүргөнүм менен Кыргызстандагы ар кандай долбоорлорго катышып, изилдөөлөрдү жүргүзүп турабыз. Эртеби-кечпи мекенге кайтып бул жактан топтогон тажрыйба менен бөлүшкөн күн да келет.

Тема боюнча

Чехияда окуган Айгерим: 1000 евро стипендия алып, бай чехтердин катарындамын
Белгилер:
профессор, окуу жай, илим, Дүйшөн Шаматов, Нурсултан Назарбаев
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ