16:59 20 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.3076
  • EUR78.9465
  • RUB1.0737
Квебектеги атышуу болгон жайда полиция кызматкери

Канададагы мечиттеги атышуудан КР жарандары жабыркаган жок. Алдын ала маалымат

© REUTERS / Mathieu Belanger
Коом
Кыскача шилтеме алуу
18910

Канаданын Квебек шаарындагы атышуудан беш киши каза болгон.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Канададагы мечитте болгон атышууда каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында алдын ала маалымат боюнча Кыргызстандын жарандары жок экенин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, Канаданын Квебек шаарындагы атышуудан беш киши каза болгон. Кылмышкер алгач биринчи кабатта ок чыгарып, андан кийин экинчи кабатка көтөрүлгөн. Шектүү эки киши кармалды.

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилигинин маалыматы боюча аталган шаарда КР жарандары жашабайт.

Тема боюнча

Канадада мечиттеги атышуудан 5 адам каза болду
Белгилер:
атышуу, Тышкы иштер министрлиги, Канада
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ