Муфтият: бүгүн авиакырсыктан жабыркагандарга 4 миллионго чукул каражат таратылат

© Фото / Белек НурлановДуховное управление мусульман Кыргызстана
Духовное управление мусульман Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өлкөдөгү бардык мечиттерге жардам кутучалары коюлуп, элден каражат чогултулган.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бүгүн муфтият Дача айылындагы кырсыктан көз жумган мекендештердин жакындарына чогулган каражатты таратат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жыйындар залында Дача айылындагы кырсыктан көз жумган мекендештердин жакындары менен жолугушуу өтөт.

"Өлкө боюнча мечиттерге коюлган жардам кутучаларына 3 миллион 885 миң 468 сом чогулган. Бүгүн ошол акчаларды таратып беребиз. Каражаттар кырсыктан каза болгондордун жакындарына, ооруканага жаткырылгандарга берилет", — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын (105 миң 700 сом) кырсыктан жабыркагандарга которгон.

Дача айылындагы жашоо турмуш тууралуу Sputink Кыргызстан агенттиги даярдаган материлдан окуп, көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0