Көчө шыпыргычтардын жанын кашайткан 6 көрүнүш

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчө тазалап жаткан "Тазалык" ишканасынын кызматкеринин архивдик сүрөтү
Көчө тазалап жаткан Тазалык ишканасынын кызматкеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калааны таштандылардан арылтуу менен алектенген кызматкерлер алардын кыжырын кайнаткан жагдайлар тууралуу кеп кылышты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ар кыл тармактагы кызматкерлерди ызаланткан жагдайлар тууралуу материалдарды даярдап келет.

Бул сапар шаарды таштандыдан арылткан "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы баарлашып келди. Белгилүү себептерден улам маектештердин аты-жөнү жарыяланган жок.

  1. Үйдү тазалап, жыйнап койгондон кийин бирөө келип эле булгап салса ким болбосун ачууланат. Биз деле ошондойбуз. Башканын эмгегин бир аз баалап, таштандыларды челекке ыргытсаңыздар жакшы болмок.
Служба такси в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жүргүнчүнүн жанын кашайткан бишкектик таксисттер
Дүкөндөрдүн ээлери имаратынын жанына таштанды челегин, жок дегенде атайын куту коюп коюшпайт го чиркин. Чоң иш жасап койгонсуп "Тазалык үчүн силер жоопкерсиңер" дегеничи. Алар "тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза" деген сөздү өмүрү угушпаса керек.
  • Кар — бул албетте кооз көрүнүш. Бирок сен көчө шыпыргыч болсоң кооздукка суктанганга убактың тар болот. Айрым учурда канчалык кар тазалаба, кар жаай берет, жаай берет…
  • Майрам жана дем алыш күндөрү эл жыргаса, биз эки эсе иштейбиз. Эл эс алып жыргап жатканда жолдорду тазалап, майрамдан кийин акыр-чикир чогултабыз.
  • Күн жылып баштаганда эл газон менен басып, таза турган жерди булгай башташат. Чочко болгонду токтотуш керек да!
  • Таштанды челектерди текшерип жүрүп шаар тургундары калтырып кеткен "белектерге" күбө болобуз. Алар үйүнөн алып келген таштандылар. Эмне ошону үйдүн жанындагы таштанды челекке таштаса болбойбу?
  • Урматтуу шаар тургундары, өзүңөрдү жана жашаган шаарыңарды сыйлап, тазалыкты сактаңыздар!

    Жаңылыктар түрмөгү
    0