Баш мыйзамдын жаңы тексти "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЦеремония подписания указа об обнародовании официальной редакции Конституции
Церемония подписания указа об обнародовании официальной редакции Конституции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гезит кыргыз жана орус тилдеринде 6 миң нуска менен чыкты.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Баш мыйзамдын жаңы тексти жарыяланган "Эркин-Тоо" гезитинин атайын чыгарылышы басылып чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган гезиттин редакциясынан билдиришти.

Жума күнү президент Алмазбек Атамбаев КР Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койгон. Өлкө башчынын айтымында, Баш мыйзамдын түп нускасы президенттик аппаратта сакталып, көчүрмөлөрү өкмөткө, Жогорку Кеңешке, Жогорку сотко жана Конституциялык палатага берилет.

"Гезит кыргыз жана орус тилдеринде 6 миң нуска менен чыкты", — деп билдирди басылма.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: жаңы Конституцияны кабыл алуу менен өлкө басмырланган абалдан чыкты
2016-жылдын 11-декабрында референдум өтүп, анда добуш бергендердин 79,6 пайызы Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдогон. Президент 28-декабрь күнү Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койгон. Жаңы киргизилген өзгөртүүлөр 15-январда күчүнө кирген. Баш мыйзамдагы беш берене (бийлик бутактарына тиешелүү болгон 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелер) 2017-жылдын 1-декабрынан баштап иштей баштайт.

Өзгөртүүлөрдүн максаты — эгемендүүлүктү, суверенитетти, парламентаризмди бекемдөө, мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бутактарынын иштешүү принциптерин так аныктоо болуп эсептелет. Мындан тышкары, Баш мыйзам сот системасы менен укук коргоо органдарына реформа жүргүзүүнү улантууга шарт түзүүсү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0