06:46 19 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7979
  • EUR77.3640
  • RUB1.0576
Ноутбукта иштеп жаткан баланын архивдик сүрөтү

МКК: Кыргызстандын алыскы аймактары интернет менен камсыздалат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
142 0 0

Жолугушууда өлкөнүн бардык аймактарын интернет менен камсыз кылуу жана Кыргызстанды электрондук өкмөткө өткөрүү маселеси каралды.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугуп, өлкөнүн бардык аймактарын интернет менен камсыз кылуу жана Кыргызстанды электрондук өкмөткө өткөрүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

МКК жетекчиси Тайырбек Сарпашев Дүйнөлүк банктын Кыргызстанга келген өкүлчүлүгүн жетектеп келген Ражендра Сингх менен жолугуп, тараптар Кыргызстандын аймактарына интернетти кеңири таратуу боюнча Digital CASA долбоорун иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан.

"Жаңы технологиялар жарандар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жол ачып бир топ маселесин чечип алууга жардам берет. Аталган долбоордун башкы максаты — интернетти кеңири ачык, жеткиликтүү, коопсуз кылып таратуу", — деди  Ражендра Сингх.

Кыргызстанда электрондук форматка өткөрүлүп архивде жаткан миллиондогон кагаз документтерди сактоочу борбор ачуу боюнча да сөз болду. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Дүйнөлүк банк менен Мамлекеттик каттоо кызматы тыгыз иштешүү боюнча бир пикирге келишти.

Тема боюнча

Биометрикалык паспортто ар бир жарандын электрондук кол тамгасы болот
Казакстан Кыргызстанга интернетти арзан бере баштады
Белгилер:
жолугушуу, каттоо, интернет, дүйнөлүк банк

ЭҢ МААНИЛҮҮ