БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Түндө Кара-Кулжа районундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун Узун-Колот, Чоң-Казык аймактарынын беш жерине болжол менен 5000м3 кар көчкү түшүп, унаа жол жабылды. Бул турасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Кар көчкүдөн мал-жан зыян тарткан эмес. Аталган министрликтен учурда тазалоо иштери жүрүп жаткандыгын билдиришти.
Мындан сырткары, түндө шамал болуп, Кызыл-Жар айыл аймагынын Терек айылындагы ички чарбалык жолду күрткүгө толтуруп салган. Учурда ал жерге да тартылган техника жолду тазалап жатат.