БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы канцеляриялык товарларды сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, калаа мэриясы кеңсе буюмдары менен сейфтерди сатып алуу үчүн 1 миллион 417 миң 500 сом сарптоого даяр.
Тендер 26-январда жарыяланып, мөөнөтү 3-февралда аяктайт.