Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жарнама такталар алынды

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган 50 жарнамалык такта алынды
Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган 50 жарнамалык такта алынды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы жалпы 28 баннер, 16 штендер жана алты жарнама тактасын алып салды.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган 50 жарнамалык такта алынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы Некрасов, Толстой жана Гагарин көчөлөрүндөгү мыйзамсыз орнотулган жарнамаларды алды.

Январдын башында белгисиз адамдар тарабынан мыйзамсыз кыйылып кеткен кызыл карагайлардын ордуна ийне жалбырактуу бактар отургузуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Мэрия: кыйылган бактардын ордуна жаңы көчөттөр тигилди
Шаардык бийликке калаа тургундары кайрылып, жарнамалар  шаар көркүн бузуп, жөө жүргөндөргө тоскоолдук жаратып жатканын айтышкан.

Муниципалдык кызмат жакынкы арада шаарда уруксат кагаздары жок орнотулган жарнамаларды алып салуу ишин улантарын белгиледи.

Аталган иш аракетердин аркасында жалпы 28 баннер, 16 жарнамалык штендер жана алты жарнамалык такта алып салынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0