Жума күнү Чүй, Нарын, Ош жана Жалал-Абадда кар жаайт

Жазылуу
Кыргызгидромет жолдор тоңголок болорун эскертет.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Эртең Нарын, Чүй, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Бишкек менен Ош шаарларында түнкүсүн 6 градуска чейин суук болсо, күндүз абанын температурасы 5 градуска чейин көтөрүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0