ШИИБ: 25 жыл мурун аялдын тамекисин тартып алууга аракет жасаган киши кармалды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСигареты могут подорожать в 2017 году
Сигареты могут подорожать в 2017 году - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөөнүн маалыматына караганда кармалган киши 25 жыл мурун "Орто-Сай" базары тараптан аялдын тамекисин тартып алууга аракет жасаган.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкекте 25 жыл мурун кылмыш жасоого шектелген жаран кармалганын Бишкек ШИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 25 жыл мурун, 1992-жылдын 15-мартында саат 13.30дар чамасында милиция формасын кийген эки белгисиз жаран "Орто-Сай" базарынын аймагынан өздөрүн укук коргоо органдарынын мүчөсү катары тааныштырып, Сманова аттуу жарандын тамекисин тартып алууга аракет жасашкан.

"Ошол учурда аталган факты боюнча Октябрь райондук ИИБ Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөө амалдарынын негизинде 1971-жылкы жаран кармалган. Бирок ал соттук отурумга катышпай качып кеткен. Шектүү сот тарабынан сыртынан камакка алынган", — деп айтылат маалыматта.

2016-жылдын январь айында Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан издөө иштерин жүргүзүү үчүн материалдар кароого жиберилген.

Бейшемби күнү Октябрь райондук Ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө кызматкерлери издөөдө жүргөн шектүүнү кармашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0