Алайда түнкүсүн иштеген бала бакча ишке кирди

© Sputnik / Табылды КадырбековВоспитанник детского сада в селе Мин-Куш
Воспитанник детского сада в селе Мин-Куш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гүлчөдөгү бала бакча балдарды күн сайын 18:00дөн баштап кабыл алат.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Алай районундагы бала бакчада күнү-түнү иштеген тайпа ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Быт в селе - Sputnik Кыргызстан
Психолог: балдарын сактайм деген эне пантерадай секиргенин сезбей калыптыр
Маалыматка ылайык, Алай районунун Гүлчө айылындагы №5 "Ак ниет" бала бакчасында суткасына 24 саат иштеген атайын тайпа ишке кирди. Анда милиция кызматкерлеринин, дарыгерлердин жана түнкүсүн иштеген ата-энелердин балдары тарбияланат.

Демилге жергиликтүү тургундар менен бийлик тарабынан көтөрүлүп ишке ашты. Анын негизинде дагы кошумча төрт жумушчу орун пайда болгон.

Тарбиялоочулар балдарды күн сайын 18:00дө кабыл ала баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0