Жогорку соттун имаратынын алдында "сатылма сотторго" каршы митинг өтүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековСудебный департамент при Верховном суде КР
Судебный департамент при Верховном суде КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каршылык акциясына 40ка жакын адам катышууда. Милиция кызматкерлери абалды көзөмөлдөп жатат.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Жогорку соттун алдында сатылма сотторго каршы каршы митинг өтүп жатканын Бишкек ШИИБден кабарлашты.

Митинг в поддержку нынешнего градоначальника Албека Ибраимова - Sputnik Кыргызстан
Ибраимов: тарапташтардын митингин мен уюштурган жокмун
Милициянын маалыматына караганда, каршылык акциясына чыккандар "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү болуп эсептелет.

Укук коргоо органдарынан белгилешкендей, "митингдин катышуучулары сатылма сотторго каршы чыгып, аларды сот системасынан кетирүүнү талап кылышууда". Акцияга 40ка жакын адам чыккан.

Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери күзөттө турат.

Жогорку соттон комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0