Дача айылы учактан аккан авиакеросинден тазаланууда

© Sputnik / Табылды КадырбековКрушение самолета недалеко от аэропорта "Манас"
Крушение самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Май куюлган негизги жерлерди тазалоо иштери бүгүн башталды.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Дача айылындагы кулаган учактын майы төгүлгөн жерлер тазаланып, кум, таш себилүүдө. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин жергиликтүү тургундар авиакеросиндин жыты айылдан кетпей жатканын кабарлашкан.

Маалым болгондой, май төгүлгөн негизги жерлерде тазалоо иштери бүгүн башталды.

"Айылдын 9-көчөсүндө авиакеросин төгүлгөн жердин сырткы катмары атайын техника менен тазаланып, андан соң кум жана майда таштар себилди", — деп жазылат маалыматта.

Тазалоо жумушунда 50 куткаруучу жана 8 атайын инженердик техника иштеп жатат.

Буга чейин ӨКМ кулаган учактын майынын көбү күйүп кеткенин, калган 100 литрдей авиакеросин атайын эреже боюнча куюп алынганын билдирген.

Эске салсак, 16-январь күнү эртең менен Гонкогдон Стамбулду көздөй келе жаткан Boeing-747 учагы Дача айылына кулап, кырсыктан 39 кишинин өмүрү кыйылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0