Евробиримдик Азимжан Аскаров боюнча соттун чыгарган чечимине нааразы

© REUTERS / Francois LenoirФлаг Евросоюза
Флаг Евросоюза - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евробиримдиктин Кыргызстандагы расмий өкүлү ишти кайтадан карап чыгууну суранып, өлкөнүн эл аралык милдеттери бар экенин эскертет.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Азимжан Аскаровго карата соттун чечиминин күчүндө калышы менен сот БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин 2016-жылдын 21-апрелиндеги бардык корутундуларын жокко чыгарды. Бул тууралуу ЕБдин Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүндө айтылат.

Эске салсак, 24-январда Чүй облустук соту Азимжан Аскаровго карата соттун буга чейин өмүр бою эркинен ажыратуу каралган өкүмүн күчүндө калтырган. Чүй облустук соту Аскаровго коюлган бардык айыптар далилденгенин билдирген.

"Азимжан Аскаровдун жактоочулары соттун чечимин арыздана турганын айтышты. Евробиримдик Кыргызстандын бийлиги тергөөгө адам укуктары боюнча эл аралык нормалардын алкагында шарт түзүп берет деп ишенебиз", — деп айтылат маалыматта.

Обвиняемый в разжигании межэтнического конфликта на юге Кыргызстана в 2010 году Азимжан Аскаров в Чуйском областном суде - Sputnik Кыргызстан
Аскаровдун иши: БУУнун адам укуктары боюнча комиссары сот чечимине нааразы
Азимжан Аскаров 2010-жылы улут аралык чыр тутантууга айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал Бишкек — Ош унаа жолун тосууну уюштургандардын катарында болгону айтылат. Куралсыз 13 милиция кызматкери каршылыкка чыккан элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан маалда башаламандык жараткандар аларды сабап, милиция кызматкери Сулаймановду өлтүрүп, мыкаачылык менен өрттөп жиберишкен.

Буга чейин айрым эл аралык уюмдар Аскаровду бошотуу талабы менен кайрылып, 2016-жылдын июль айында Германиянын канцлери Ангела Меркелден да Кыргызстанга болгон сапарында Аскаровду бошотууга жардам берүүсүн суранган.

Жаңылыктар түрмөгү
0