Психолог: балдарын сактайм деген эне пантерадай секиргенин сезбей калыптыр

Жазылуу
Психолог Перизат Асылбекова жана психотерапевт Нуриза Батырбекова учак кырсыгынан жабыр тарткандарга жардам көрсөткөн ыктыярчылардын катарын толуктайт.

Журналист Гүлдана Талантбекова бөбөктөрдүн сезими, чоңдордун абалы, элдин маанайы, деги эле кайгы-кападан арылуунун жолдору жана кесепеттери тууралуу билип көрдү.

— Перизат айым, сиз учак кырсыгынан жабыр тарткандарга психологиялык жактан жардам бергендердин бири экенсиз. Канча балага, кимдерге көмөк көрсөттүңүздөр?

Дарыгер-невропатолог Темирбек Бекбоев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Невролог Бекбоев: сөз адамды өлтүрө да, дарылай да алат!
— Алгач учак кулаган аймакка барсак жабыркагандардын жарымы туугандарынын, калгандары кошуналарынын үйүндө экен. Айрымдарын бейтапканаларга, балдар ооруканасына алып кетишиптир. Биз барганда республикалык психологиялык борбордун кызматкерлери иштеп жатышыптыр. Андан кийин "Семетей" мейманканасына бөлүнүп, кимге кандай жардам керек экендигин аныктап ишибизди баштадык. Бир жуманын ичинде жети балага жардам көрсөттүк.

Балдар менен иштешүү оңой болгон жок. Аларды кечке сүрөткө, видеого тартып, суроо берип жатышып чарчатып салышыптыр. Алгач алардын абалын билүү максатында сүрөт тарттырып көрдүк. Арт-терапиянын эрежеси боюнча биз тема беришибиз керек эле. Бирок балдар өздөрү эле эки күн катары менен жарылган үйлөрдү, учактарды тартып жатышты. Сүрөттөрдү боёшкон дагы жок. Анан сүйлөшүп баштасаң "ии эже, ушундай болбодубу" деп кайгы-капалары менен бөлүшүштү. Аягында ошол образ калып калбаш үчүн "келгиле биз бүтүн үйлөрдү тартабыз, ачык түстөр менен боёйбуз" деп ойлорун жакшы жакка бурдук. Анан кайра бардыгын сонун кылып тартып чыгышты. Көнүгүүлөрдү аткарып жатып, бири-бириңерге кандай белек бересиңер десек, арасынан бир бала "мен сага үй белек берем" деп топту кийинкиге өткөрүп берди. Анан бардыгы ошону карап калып "биз дагы үй беребиз" деп айтышты. Көрсө балдар деле ата-энесинин санаасын сезишиптир. 

© SputnikПсихолог Перизат Асылбекова
Психолог Перизат Асылбекова - Sputnik Кыргызстан
Психолог Перизат Асылбекова

— Азыр балдардын маанайлары кандай, психологиялык жаракат калып калбаш үчүн эмнелерди эске алуу зарыл?

Перизат: — Албетте бала ата-эненин маанайынан дагы таасир алат. Маселен эки жаштагы бала кырсык болгон жерден атасы менен сыртка чыгып, катуу чаңырып ыйлаган экен. Абалы бир аз оор, коркуп жатат, жанына чоочун бирөө келсе эле бакыра баштайт. Ар кандай ыкмалар менен калыбына келтирип жатабыз.

Дарыгер-педиатр Айнура Аманбаева - Sputnik Кыргызстан
Педиатр Аманбаева: баланын шилекейи тамак жегиси келгенде агат
Анан кичинекей балдар менен сүйлөшөөр алдында сөзсүз чоң адамдардын уруксатын алыш керек. Адамдын психологиялык жана физикалык чеги болот. Балага улам суроо бере бергенде баягы элестер көз алдына тартыла берет. Азыр көп билинбейт, бирок куса боло баштаганда кыйынчылыктар сезилет. Маселен үй-бүлөлүк эпизодду көргөндө же бирөөнүн ата-энесин көргөндө билиниши мүмкүн. Жалпысынан бардык балдар жакшы кароодо, маанайлары көтөрүлүп күлүп калышты.

Нуриза: — Айрым балдар "мени сүрөткө тартпагылачы, чарчадым" деп көңүлсүнбөй жатышкан. Анан баарын чогултуп дем алуу көнүгүүлөрүн жасай баштадык. Бир маалда көңүлдөрү ачылып "муз аянчасына баргым келет, бул жакка киргим келет, келечекте ушул кесипти аркалагым келет" деп башташты. "Баргым келет" деген жашоого карай умтулууну билдирет. Бул нерселер бизди чындыгында кубандырды.

Дененин байланышы деген түшүнүк бар. Мында бала колун берип саламдаша баштайт. Башында жакын жолобой жатышкан, андан кийин бешти чаап салам берип калышты. Султан менен Жакшылык экөө таанышып жакшы достошуп алышкан. Бири-бирин кайда кетти деп сурап калышат. Буюрса баары жакшы, убакыт керек деп ойлойм.

Перизат: — Учурда балдар мектепке барып жатышыптыр, биз туугандары менен байланышып жума ичинде барып жардам көрсөтүп турабыз. Азыр балдар менен өспүрүм куракка чейин иштешели деп эки-үч жылдык реабилитацияга каражат караштырып жатабыз. 

© SputnikПсихотерапевт Нуриза Батырбекова
Психотерапевт Нуриза Батырбекова - Sputnik Кыргызстан
Психотерапевт Нуриза Батырбекова

— Акыры чындык айтылууга тийиш. Негизи балдарга жакын адамың келбейт дегенди кантип түшүндүрсө болот…

— Перизат: Азыр аларды айта албайбыз. Ар бир нерсенин убактысы болот. Айрым балдар тууганы, ата-энеси каза болгонун билишет экен. Биз биринчи кезекте психологиялык жаракаттын кесепетин жоюшубуз керек.

— Нуриза: Аны өзү айта баштайт. Биз ошондо жараатын терең тырмабай аяр мамиле жасап иштешибиз керек.

Тажрыйбалуу бортинженер Үрүстөм Жусупбеков - Sputnik Кыргызстан
Бортинженер: ажо менен өкмөт мүчөлөрүнүн абадагы коопсуздугу бизден көз каранды
— Перизат: Айтып баштаганда "ооба ошондой… сагынып жатасыңбы", "эмне деп айтат элең" деп ички сезимдерин чыгарышыбыз керек. Сагынычтар денесинде уюп калгандан көрө ыйлап чыгарып алганы да дурус. Анан "сага ким маанилүү, эмне баалуу, эмне жөнүндө кыялданасың" деп балага жаңы образ беребиз.

Балдар кийинки күндөрү кадимкидей түстүү боекторду аралаштыра башташты. Бул жөн гана сүрөт эмес, алар жашоого карай жаңы жолдор.

— Нуриза: Биринчи күнү кара-күрөң болсо, кийинкисинде ак, сары, жашыл боло баштады. Учурда балдарга ар тараптан колдоо керек. Биз ошол колдоону да туура беришибиз керек. Кээде, тескерисинче, зыян да тийгизип алат экенбиз.

— Перизат: Маселен балдар ооруканасында кичинекейлер менен иштеп жатсак, бир улгайган эже кирип келип баарыбызды эле былчылдатып өбө баштады. Анан биз "эже кечиресиз, биз психологпуз" десек, "ким болсоңор дагы балдарымсыңар да" деп бир нерселерин таратып кирди. Албетте ал чын жүрөгү менен келди, бирок балдардын жеке өзүнө тиешелүү чек арасын бузбаш керек. Бир күндө баланы 20-30 киши уруксаты жок өөп кете берсе, кийин чоочун кишилер денесине кол салса каршылык көрсөтө албай калышат. Булар мага жакшылык менен келди деп ойлоп калышат. Башкача айтканда баланын коопсуздугу бузулат.

— Нуриза: Кечээ бир апа менен сүйлөшүп калсак, ал мага башка адамдардын келгени абдан жакшы болуп жатат, алар келбесе мен эмне болот элем деп айтты. Бул албетте жакшы. Бирок көп учурда балдардын энергиясы кетет. Чоң адамдар деле канча көп адам көрсө, ошончолук чарчайт.

— Кайгы-капанын кесепети канчалык кооптуу?

— Нуриза: Ар бир адамдын коркунучу денесинде калып калат. Эсиңизде болсо керек, мектеп курагында экзамен тапшыраарда ичибиз ооруп же башыбыз чыңалып, үнүбүз чыкпай калчу. Анын ичинде биздин сезим, эмоциялар, агрессиялар сакталып калат. Ал ички дүйнө менен тыгыз байланышта. Ошол стресстер чогулуп отуруп дененин оорусуна алып келет.

Бала кармаган эне. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялзат үнү: ала качтырган таеже, тебеленген тагдыр
— Перизат: Мисалы дайыма сабалган бала болсо, жанына келип башын сылайын десең денеси биринчи реакция берип жалтактап калат. Ошол сыяктуу эле учактын үнүн уккан сайын чочуп калышы мүмкүн. Кырсык болгон аймакка барганда буту баспай калышы да ыктымал. Кээ бирде жакшы-жаман нерселер сүрөт сыяктуу адамдардын көз алдында калат.

—Перизат: Эң жаманы стресстен кийин депрессияга, жүрөк ооруларына, ангина, баш ооруларына, остеохондроз, аннерекция жана психологиялык бир топ ооруларга алып келет. Биз бир нерсени кабыл албаганда жакпаган нерселердин баары денебизге аллергия түрүндө чыга баштайт. Кесепети абдан чоң. Биринчиден стресстин факторлорун жок кылыш керек.

— Стресстен кантип арылса болот?

— Нуриза: Атайын көнүгүүлөр бар. Учурунда кайрылып жардам алып алышса кесепети аз болот. Денедеги агрессияны оюндар, көнүгүүлөр аркылуу чыгарса болот. Балдарды бөлмөгө киргизип чогуу ойнотуп жатабыз. Мисалы бокс менен машыкканда дагы агрессия чыгат. Кагазды айрып, тарелка сындырып, ошол аркылуу башкаларга зыян тийгизбей кетирсе болот. Ар бир адамдын коркунучу ар кандай болот. Ошондуктан адиске кайрылган жакшы.

— Чоңдор менен иштешүү кандай болду, аларды санаадан кантип арылтып жаттыңыздар?

— Перизат: Албетте жабыркагандар ар кандай жардам алганда, колдоого туш болгондо өздөрүн жакшы сезишет. Бирок үйдүн суроосу чечилмейинче тынч боло алышпайт. Мурдагы жерге баргысы келбейт. Барса баягы трагедия көз алдына тартылат. Учак учкан сайын чочуйт. Менимче башка жакта эле жашаганы оң. Өнөкөт стресс психологиялык ооруга алып келиши мүмкүн. Чоңдор менен биздин психолог Чынара Термечикова иштеп жатты. "Семетейде" бир апа бар. Балдары Москвада иштеп жаткандыктан, үйдө неберелери менен турчу экен. Учак биринчи ошолордун үйүнө тийип, экинчи кабатын кесип кетиптир. Мындай карасаң аста сүйлөп, араң баскан эле апа экен. Бирок там бузулуп, чаң баса баштаганда чочуп кетип пантерадай эле секирип, неберелеринин үстүн журкан менен жаап калыптыр. Азыр мен түш көргөндөй эле болуп жатам деп отурат. Кээде ушинтип эмне болгонун адам билбей калат. Анан азыр эки небереси эки жагынан чыгып кучактап, чоң энебиз бизди куткарып калды деп сүйүнүп отурушат. Албетте оор эле абалда. Дагы бир жигит үч күн мурун эмнегедир керебетти жылдырып бурчка коюп койгом дейт. Кызы так ошол бурчта уктаганы үчүн аман калыптыр. Ортодо болсо басып калмак экен. Ошону дагы айтып бергиси келбей жатып, араң айттырдык.

— Нуриза: Чоңдор менен азыр сөз менен эле иштеп жатабыз. Алардын ички абалын угуп, жанында туруп уккан бул чоң жардам.

Медицина илимдеринин доктору, уролог-андролог жана сексопатолог Жаныбек Мамбетов - Sputnik Кыргызстан
Сексопатолог Мамбетов: эркекти кызга айланткан жылдары катуу сынга кабылдык
— Перизат: Балдардан сен кантип коркуп кеттиң деп сурасак, кулаганда моминтип ичим титиреп кетти дейт, бул учурда адам ичиндегисин айтып жеңилдейт. Чоң кишилер болсо эми жаман болдум да деп эле коюшу мүмкүн. Улам суроо бере берсең айтып жеңилдейт же ыйлайт. Жоготууларда адам түнт болуп калса ден-соолукка зыян. Күйүттү жер тепкилеп, кыйкырып ошол эле учурда башкаларга зыян тийгизбей чыгарып алыш керек.

— Нуриза: Көп учурда адамдар ички сезимдерин, коркунучун жашырышат. Маселен бизди ӨКМдин аскердик бөлүгүндө кызмат кылгандарга дагы психологиялык жардам көрсөтүп бергилечи деп суранышкан. 18-19 жаштагы жаш балдар оор учурда иштешти, эмнени гана көрүшкөн жок… Таанышып ишенимине кирип, көнүгүүлөрдү жасаттык. Аягында биз менен сүйлөшкөндө жеңилдеп, беттерине кан жүгүрүп бири-бири менен тамашалашып калды. Максатыбыз чыңалуусун бошотуп, позитивдүү маанай тартуулоо болчу.

—Перизат: "Семетейде" кызыктуу окуялар дагы болбой койгон жок. Бир жигит туугандарымдан айрылдым деп убарага салды. Алгач жигитти туугандарын таануу үчүн өлүкканага алып барганы жатканда калчылдап отуруптур. Анан биз "кое тургула, бул бала калтырап өңү бозоруп жатат, биринчи сүйлөшүп көрөлү" дедик. Аскер кызматындагылар "эже, бул баланын жүрүш-турушу башкача болуп жатат, бир байкап бересизби" дешти. Биринчи беш бир тууганым менен апам каза болду, үйгө барсам үй жок, бул учурда мен "Ала-Тоо" аянтында жүргөм" деди. Башка бирөөгө болсо досумдукунда калдым деп айтыптыр. "Тууганыңдын номерин бер, чалып сүйлөшөлү, жок дегенде сага колдоо көрсөтүп турсун" десек, "эч ким менен катышпайбы, туугандар менен таарынышып кеткенбиз" деди. "Мүмкүн апаң менен туугандарың тирүүдүр, бейтапканалардан издейли" десек, "жок, ал жакка бара албайм, андан көрө гуманитардык жардам катары берилген эки миң сомду бергилечи, апамдын бирөөгө карызы бар эле" деп күндөн-күнгө бир окуяларды кошо баштады. Анан милиция калп айтканын далилдеди. Баланын туугандары келип, эстери ооп бул эмне деп туруп калышты. Анан жанагы өлдү деп тизмеге киргизген адамдардын баары жакшынакай эле айылда жашап жатышыптыр.

— Жыйынтык сөз катары эмне деп айткыңыздар келет?

Доктор медицинских наук, кардиохирург, профессор  Калдарбек Абдраманов - Sputnik Кыргызстан
Кардиолог: аксакалдын операциясына 85 миң табылбай, жаназасына 150 миң сом кетти
Перизат: Учурда психологдордун социалдык тармакта группалары бар. Ал жактан эртеңки күнгө карата маалыматтар, жолугушуулар тууралуу макулдашып алып, бригада болуп иштеп жатабыз. Көп психологдор, анын ичинен ОшМУнун кафедрасынан атайын жардам берели деп келгендер бар. Ошондуктан бардык психолог-ыктыярчы кесиптештерге дагы ыраазычылык билдиргибиз келет. Элибиздин оор кырдаалда кол сунганы да кубандырбай койбойт.

Нуриза: Анан албетте жабыр тарткандар болсо тартынбай кайрылышсын, жардам беребиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0