Кыргыз-кытай чек ара пункттары бир аптага жабылат

© AFP / JOHANNES EISELEЧек ара кызматкерлери көзөмөл учунуда. Архив
Чек ара кызматкерлери көзөмөл учунуда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилге кытай тараптан жаз майрамына карата көтөрүлгөн.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кытайдагы жаз майрамына карата кыргыз-кытай чек аралары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, чек араларды убактылуу жабуу демилгеси Кытай тараптан көтөрүлгөн.

"Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттары 27-январдан 2-февралга чейин жабылат", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми транспорттук каттамдар менен оор жүк ташуучу унаалар 3-февралдан тарта өткөрүлө баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0