Өлкөдө сасык тумоо боюнча кырдаал туруктуу

© Sputnik / Табылды КадырбековСитуация с ОРВИ в Кыргызстане
Ситуация с ОРВИ в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы бир ай ичинде ооругандардын саны өскөн эмес.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Өлкөдө сасык тумоо боюнча кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы бир ай ичинде ооругандардын саны кескин өскөн эмес.

"9-январдан 15-январга чейин өлкөдө сасык тумоо менен ооруп дарыгерлерге кайрылгандардын саны 7479ду түзсө, бир жумадан кийин (16-январдан 22-январга чейин) алардын саны 7860га жеткен. Сасык тумоого кабылгандар Ысык-Көл облусунда 69 пайыз, Баткенде 48,8 пайыз жана Чүйдө 29,4 пайызга өскөнү байкалган ", — деп жазылат билдирүүдө.

Учурда мектептер менен бала бакчалар текшерүүгө алынып, сасык тумоонун белгиси катталган балдар үйлөрүнө жөнөтүлүп жатат.

Сасык тумоону дарылоодогу 5 катачылык тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан тааныша аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0