Быйыл 2016-жылга салыштырмалуу ажылыкка 900 квота көп берилди

© Фото / пресс-служба ДУМКПервый рейс на Мекку на паломничество с Оша
Первый рейс на Мекку на паломничество с Оша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы ажылык иш-чаралары менен жарандарды камсыз кылуу максатында "Ажылык-2017" мобилдик тиркемеси иштелип чыкты.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Быйыл кыргызстандыктарга ажылыкка барууга 4585 квота берилди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Сауд Аравия падышачылыгы кыргызстандыктардын ажылык милдетин аткарууга 4585 квота берген. Мындай чечим муфтий Максат ажы Токтомушевдин Сауд Аравиясынын Ажылык министринин орун басары шейх Хусейн Шариф менен эки тараптуу жолугушудан кийин кабыл алынган.

Паломники в Мекке - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравиясы: быйыл ажылык сапар өзгөчө уюштурулат
Быйылкы ажылыкка даярдануунун алкачкы аракеттери башталды. Муфтият зыяратчыларды Сауд Аравияга жеткирүү үчүн жергиликтүү жана чет элдик авиакомпаниялар ортосунда сынак жарыялаган.

Ал эми ажыга барууну каалаган жарандар аймактарда онлайн же жандуу кезекке туруп каттоодон өтө алышат. Андан сырткары атайын иштелип чыккан "Ажылык-2017" мобилдик тиркемесинин жардамы менен жарандар быйылкы ажылык сапарга байланыштуу маалыматарды ала алышат.

Эске сала кетсек, өткөн жылы бөлүнгөн квотанын негизинде 3685 кыргызстандык ажылык милдетин аткарышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0