Кулатов көчөсүнүн жарымы бир тараптуу болот

© Sputnik / Иван Макеев / Медиабанкка өтүүАвтомобильная "пробка" в Москве
Автомобильная пробка в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия аталган көчөгө керектүү жол белгилерин коюп, светофорду тууралоо боюнча тапшырма берди. Бир тараптуу жол кыймылы 20-февралдан тарта ишке кирет.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Борбор калаадагы Төрөбай Кулатов атындагы көчө бир тараптуу болорун Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим шаардагы жол-транспорт маселелерин караган туруктуу комиссиянын жыйынында кабыл алынган. Бир тараптуу жол кыймылы Ибраимов көчөсүнөн батышты карай Элебаевге чейин 20-февралдан тарта киргизилет.

"Шаардын тийиштүү кызматтарына жол белгилери менен светофорлорду тууралоо тапшырмасы берилди", — деп мэрия маалымдады.

Киргизилген мындай өзгөртүүгө шаар тургундарын түшүнүү менен кабыл алууга чакырат. Ошондой эле жол эрежесин сактап, этият болууну эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0