Кыйраган учактын кара ящиктериндеги маалыматтар окулуп бүттү

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудники МЧС на месте крушения самолета недалеко от аэропорта "Манас"
Сотрудники МЧС на месте крушения самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кара ящиктерден учактын жерге кулаган учурдагы маалыматтарга чейин көчүрүлүп алынды. МАКтын адистери жазуунун сапаты жакшы экенин билдиришти.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкектин жанына кулаган Boeing-747 учагынын үн жазуучу аппараттарындагы бардык маалыматтар окулгандыгын Мамлекеттер аралык авиация комитетинен (МАК) билдиришти. Анын маалыматына караганда, комиссия кырсык болгон жерде иштөөсүн улантууда.

Эске салсак, 16-январда таңкы саат 7.18де Сокулук районуна караштуу Дача айылына жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулап түшүп, 39 кишинин өмүрүн алган. Анын ичинде экипаждын төрт мүчөсү дагы бар.

Сотрудники МЧС разбирают завалы на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в Дача-Суу недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: учак кулаган учурда майынын көпчүлүгү күйүп кеткен
Учурда учактын кулаган жери иликтенди. Авиакырсыктын схемасы түзүлүп, учактын фрагменттери чогултулуп бүтүп калды.

Комиссиянын адистери Кыргызстандын өкүлдөрү, АКШнын улуттук транспорт коопсуздугунун комитети (NTSB) жана Түркиянын кырсыкты иликтөө комитети (КАIK) менен биргеликте радиолокациялык байкоонун маалыматтарын, экипаж — диспетчер линиясындагы сүйлөшүүлөрдү жана ошол учурдагы аба ырайы тууралуу анализ жүргүзүп жатышат.

Кара ящиктерден учактын жерге кулаган учурдагы маалыматтарга чейин көчүрүлүп алынган. МАКтын адистери жазуунун сапаты жакшы экенин билдиришти.

Ошондой эле экипаждын кабина ичиндеги сүйлөшүүлөрүн анализдөө башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0