Сосновка өткөрүү пункту кайрадан жабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековДорожный знак перед входом в тоннель им.Кольбаева на перевале Тоо-Ашуу. Архивное фото
Дорожный знак перед входом в тоннель им.Кольбаева на перевале Тоо-Ашуу. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жолду тазалоо үчүн бир грейдер, бир самосвал жана бир жүктөгүч тартылган.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу Сосновка өткөрүү пункту убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Билдирмеге караганда, чектөөлөр бардык унаалар үчүн киргизилген.

"Бүгүн саат алтыдан тарта Бишкек — Ош унаа жолунун 255-чакырымына үч миң куб метр кар көчкү түшүп жол убактылуу жабылды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда жолду тазалоо үчүн бир грейдер, бир самосвал жана бир жүктөгүч тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0