05:08 23 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Коом
Кыскача шилтеме алуу
2723200

Сынакка дүйнө боюнча 2000ден ашуун эмгек жөнөтүлүп, анын ичинен 180 катышуучу жолдомо алган. Ал эми КМШ өлкөлөрүнөн Сабырбек Жумабеков гана тандоодон өткөн.

Жумабеков: сөөк өстүрүү боюнча эмгегимди Гиннес китебине киргизүү сунушу түштү

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ортопед, медицина илимдеринин доктору, академик жана профессор Сабырбек Жумабеков Кувейтте өткөн IX эл аралык ойлоп табуучулардын сынагында (International Ivention Fair in Middle East) медицина илимине жаңылык киргизген беш эмгеги менен экинчи орунду багындырды. 

  • Ортопед, медицина илимдеринин доктору, академик жана профессор Сабырбек Жумабеков Кувейтте өткөн IX эл аралык ойлоп табуучулардын сынагында
    Ортопед, медицина илимдеринин доктору, академик жана профессор Сабырбек Жумабеков Кувейтте өткөн IX эл аралык ойлоп табуучулардын сынагында
    © Фото / предоставлено Сабырбеком Жумабековым
  • Сынак 16-январда башталып төрт күнгө созулду. Кувейт эмирлигинин астында уюштурулган эл аралык көргөзмө сынагы быйыл тогузунчу ирет өтүп жатыптыр.
    Сынак 16-январда башталып төрт күнгө созулду. Кувейт эмирлигинин астында уюштурулган эл аралык көргөзмө сынагы быйыл тогузунчу ирет өтүп жатыптыр.
    © Фото / предоставлено Сабырбеком Жумабековым
1 / 2
© Фото / предоставлено Сабырбеком Жумабековым
Ортопед, медицина илимдеринин доктору, академик жана профессор Сабырбек Жумабеков Кувейтте өткөн IX эл аралык ойлоп табуучулардын сынагында

Дарыгер ийгиликке жеткен эмгектери жана сынак туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди. 

"Эмгегимди Гиннес китебине киргизүү сунушу түштү" 

Сынак 16-январда башталып төрт күнгө созулду. Кувейт эмирлигинин астында уюштурулган эл аралык көргөзмө сынагы быйыл тогузунчу ирет өтүп жатыптыр. Конкурс туурасында Тышкы иштер министрлиги илимий мекемелерге кабарлаган болчу. Анан мен да катышууну чечип уюштуруу тобуна патенттелген 86 эмгегимди жөнөтсөм, тандоодон бешөө өткөнүн айтып чакыруу жиберишти. Ага дүйнө боюнча 2000ден ашуун эмгек жөнөтүлүп, анын ичинен 180 катышуучу жолдомо алыптыр. Билишимче Кыргызстандан дагы 20 илимий кызматкер эмгегин жиберген экен. Жалпысынан 36 мамлекет катышты. КМШ өлкөлөрүнөн мен гана барыптырмын. Сынакта ар тараптуу ойлоп тапкычтар эмгектерин көрсөтүп жатты. Медиктерден 10 эле катышуучу болду. Көргөзмө залындагы атайын аянтчага атымды жазышып, үстүнө желегибизди илип даярдап коюшуптур. Көргөзмө үч күнгө созулду. Анда омуртка түзөтүү, балдардын сан жамбаш муундарын салуу, төш сөөгүн түздөө жана сөөктү узартуу боюнча ыкмаларды көрсөттүк. Төртүнчү күнү калыстар тобу адамдын боюн 31 сантиметрге чейин өстүрүү боюнча эмгекти дүйнөлүк Гиннес китебине киргизүүнү сунушташты. Сынактын жыйынтыгында биринчи орун Францияга, экинчи орун Сауд Аравия, Ливан жана Кыргызстанга берилди. Ал эми үчүнчү орун дагы башка беш өлкөгө берилди. 

"Беш эмгегимдин бардыгы сыйлыкка татыды" 

Мен Кувейтке барганга чейин эле эмгектеримди көрүп жыйырмадай араб күтүп отуруптур. Сынактан сырткары, айрымдарын кабыл алып, кароодон өткөрүп жаттым. Алар мени чакырып же өздөрү бул жакка келип операция жасатмай болушту. Конкурстун жыйынтыгында катышуучулардын көпчүлүгү бир эмгеги менен алдыңкы орундарды багындырса, менин беш эмгегимдин бардыгына бирден күмүш медаль берилди. Кувейт илим-билим, экономика бүт жагынан өнүгүп, алдыңкы мамлекеттердин катарында турат экен. Ошондой эле маданияттуулугуна дагы таң бердим, уурулук, кылмыштуулук жок, дин жолунда жашашат экен. Айрымдары үйүнө чакырып коноктоп жатышты. Аларда ичимдик ичүүгө, клубдарды иштетүүгө тыюу салынгандыктан туристтер көп бара бербейт дешти. Кувейттен кыргыздарды дагы кезиктирдим. Мен жашаган мейманканада 2-3 кыргыз бала иштеп жүрүптүр. 

Соңунда айтарым, бул жеке эле менин эмес, кыргыз илиминин, мени менен бирге иштеген кесиптештеримдин жетишкендиги. Анан бизге жардам берип колдоо көрсөткөн Кувейттеги кыргыз элчилигине ыраазычылыгымды билдирем. 

Дарыгер сынакта беш күн жүргөнүн айтып, барып-келүү чыгымдарын уюштуруу тобу төлөп бергенин кошумчалады.

Тема боюнча

Невролог Бекбоев: сөз адамды өлтүрө да, дарылай да алат!
Дарыгердин "нервин жеген" 7 көрүнүш
Кыргыз медицинасынын өңүн чагылдырган кызыктуу 10 маек
Белгилер:
Кувейт, Сабырбек Жумабеков, сынак, жеңиш

ЭҢ МААНИЛҮҮ