Дүйшөмбү күнү Бишкектин 10 көчөсү жарыксыз калат

Жазылуу
Электр энергиясы борбор калаада саат 10.00дөн 15.00гө чейин үзгүлтүккө учурайт.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Бишкектин 10 көчөсүндө жашаган эл жарыксыз каларын "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, электр энергиясы "Түндүк" подстанциясындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болууда.

Мындан улам шаардын Орозбеков, Көкчөтоо, Мусоргский, Боталиев, Элебесов, Щербаков, Васильев, Сеченов, Фере көчөлөрүндө саат 10.00дөн 15.00гө чейин жарык болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0