Милиция менен уруша кеткен маршрутканын айдоочусу күнөөсүн мойнуна алды

© Sputnik / Алимджан ВалиевПерекрытие автомобилем перекрестка улиц Абдрахманова и Боконбаева
Перекрытие автомобилем перекрестка улиц Абдрахманова и Боконбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу шаардагы Абдрахманов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишине унаасын токтотуп койгон. Милиция бөлүмүнө аны күчтөп алып келишкен.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кайгуул милициясынын кызматкерлери менен уруша кеткен №169 маршрутканын Урмат аттуу айдоочусу күнөөсүн мойнуна алганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Таалайбек Бугубаев билдирди.

Бишкектик борборунда жулкулдашкан кайгуул милициясы менен айдоочу. Топтошкон эл - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик борборунда жулкулдашкан кайгуул милициясы менен айдоочу. Топтошкон эл
Эскерте кетсек, бүгүн аталган маршрут жол ортосуна туруп калып, автотыгын жаралган. Кайгуул милициясы айдоочу протокол түзүүгө каршылык көрсөткөнүн билдирген. Ал эми айдоочу унаасы бузулуп калгандыктан жолго токтоого аргасыз болгонун айткан.

Ортодо чыр чыгып, милиция кызматкерлери айдоочуну Биринчи Май РИИБине күчтөп алпарууга мажбур болушкан. Теришитүү үчүн аталган бөлүмгө Кайгуул милициясынын жетекчиси да келген.

Натыйжада айдоочу өзүнүн күнөөсүн мойнуна алган.

Бугубаев Биринчи Май райондук соту жакын арада анын баш коргоо чарасын карай турганын белгилеп, айдоочу бейбаштык кылды деп айыпталып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0