Министр: дарыгерлерге журналисттер менен сүйлөшүүгө тыюу салынбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековОоркуанадагы дарыгерлер. Архив
Ооркуанадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр журналисттер менен ачык-айкын эле сүйлөшүүгө убада берип, берилген көрсөтмө Бишкектин чет жакасында болгон учактын кыйрашына байланыштуу экендигин айтты.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Дарыгерлер журналисттерге маалыматты басма сөз кызматынын макулдугу менен гана бериши керек деген Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысынын колу коюлган документ сүрөткө тартылып, социалдык тармактарда коюлуп,  талкууга алынды. 

Дача айылындагы кадимки тиричилик - Sputnik Кыргызстан
Дача айылындагы кадимки тиричилик
Документке 17-январда жаңы дайындалган статс-катчы Жазгүл Кийизбаеванын колу коюлган. Ал аталган министрликтин курамындагы бөлүмдөргө тиешелүү деп айтылат. Көрсөтмөдө социалдык тармактарга саламаттыкты сактоо жаатындагы жарыяланган маалыматтарга дарыгерлердин комментарий жазуудан алыс болуусу туурасында айтылган.

Андан сырткары дарыгерлерге иш учурунда медиктердин интернетти көп карабашы керектиги, бул аларды жумуштан алагды кылары белгиленген.

Министр Батыралиев түшүндүрмө берди

Бул документ боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигине саламаттыкты сактоо  министрлигинин  жетекчиси Талантбек Батыралиев төмөнкүлөрдү  билдирди.

Анын айтымында, бул чараларда авиакырсыкка гана тиешелүү деген жазуу кошулбай калгандыгын билдирди.

"Өзүңөргө белгилүү болгондой, учак кулагандан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарында каза болгондор боюнча ар кандай сандар айтылды. Алар ар кыл маалымат булактарына таянып жазып жатышты. Мындан сырткары, Таттыгүл Дооталиева каза болгондорго карата терс пикирин жазды. Абалды жөнгө салуу үчүн менин кабарымсыз жогорудагыдай көрсөтмөнү иштеп чыгышыптыр. Ал учурда мен штабда иштеп жаткан элем. Анда айтылгандар авиакырсыкка гана тиешелүү, кастык мүнөздө жазылган пикирлердин алдын алуу максатын көздөйт", — деди министр.

Батырлиев журналисттерден эч качан качпагандыгын айтты.

"Өлүкканадагы абалды билип турсам да, социалдык тармакты өлүктөрдү тааныганга жардам бергиле деп чакырдым. Мен аны журналисттерден жаап-жашырган менен абал өзгөрүп кетпейт. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги журналисттер менен иштешип келген, эми деле иштеше берет", — деди министр.

Батыралиев аталган документке ылайык, эми дарыгерлерге иш учурунда интернетти көп кароого тыюу салынарын, бул аларды жумуштан алагды кылып жатканын айтты.

Пресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Президент авиакырсыктан бери эмне кылып жатканын өкмөт айтып берди
Маалымат үчүн. Таттыгүл Дооталиева Кыргыз мамлекеттик академиясынын мурдагы кызматкери. Анын социалдык тармагындагы баракчасына Дача айылынын үстүнө кулаган учактан каза тапкандарды табалаган жазуу чыккан. Бул коомчулуктун бүйүрүн кызытып, нааразылыктарды пайда кылган. Ал эми "жазуучу" смартфону жоголуп кетип, анда аккаунту ачык бойдон калган деп билдирген. Аталган окуу жайдан Дооталиева тилинин айынан иштен бошотулганын билдирсе, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жогорудагыдай пикири үчүн ага эскертүү берген.

Ал эми Бишкектеги өлүкканадагы мышык ыйлагыдай абал тууралуу ал жерде иштеген медициналык кызматкерлер айтып бергенден кийин кайсы бир депутаттын Саламаттык сактоо министрлигине чалып, мындай маалымат өлкөнүн беделине доо кетирет деген айтканы тууралуу кабар тараган.

Эске салсак, 16-январда эртең мененки саат 7:18де Дача айылында жүк ташыган Boeing 747 лайнери кулап, 38 киши каза тапты. Аба кемеси Гонконгдон Стамбулга багыт алып, Кыргызстанга май куюу үчүн токтомок. Учурда кырсыктын себеби илектенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0