Аксыда "Якын инкар" кыймылынын жолдоочуларына даават үчүн айып салынды

© Sputnik / Табылды КадырбековТесме кармаган адамдын архивдик сүрөтү
Тесме кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Светтик мамлекеттин мыйзамдарын тааныбаган диний кыймылдын катышуучулары дааватка муфтияттын уруксатысыз чыккан. Топко 1000 сом айып салынды.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Туу айылында "Якын инкар" диний кыймылынын идеяларын таркатуу максаты менен муфтияттын уруксатысыз 10 эркек киши дааватка чыкканын Sputnik Кыргызстан агенттигине РИИБ билдирди.

Диний кыймылдын катышуучулары Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн 2016-жылдын башынан тарта жандандыра баштаган. Алар светтик мамлекеттин мыйзамдарын тааныбайт. Эркек кишилер даават учурунда кармалган. Соттун чечими менен ар бири 100 сом өлчөмүндөгү айыпка жыгылып, Аксы районунун аймагына үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынды.

"Якын инкар" диний агымынын ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда тыюу салынган эмес. Расмий түрдө өлкө аймагында 19 экстремисттик уюмга, анын ичинен "Аль-Каида", "Ислам мамлекети" уюмдарына, "Талибан" кыймылына тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0