Кучакташуу канчалык деңгээлде маанилүү? Психологдордун кеңеши

Жазылуу
Кучакташуу ички сезимди жеткирүүнүн жакшы жолу. Мындай жол менен кыйын кырдаалда адамдар бири-бирин жоошутуп, колдоо көрсөтө алат.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Адам маанайын көтөрүүдө жана кыйын кырдаалда кучакташуунун мааниси канчалык экенин психологдор РИА Новости агенттигине айтып берген. 

21-январь эл аралык кучакташуу күнүнө карата адистер анын адам жашоосундагы ордун билип көрүшкөн. 

Жыйынтыгында психологдор өзүнө жаккан адамды кучактап туруу бакытка чөмүлтөрүн, андан адам эргүү ала турганын аныкташкан. 

Ар бир өлкөдө кучакташуу ар түрдүү мааниге ээ. 

"Алсак, француздар бир көргөн адамы менен кучакташып учурашып, ал тургай жаңы таанышып жатып өбүшүп учурашышат. Ал эми кээ бир жерлерде аябай жакын адамдар менен гана кучакташууга болот. Кучакташуу ички сезимди жеткирүүнүн жакшы жолу. Мындай жол менен кыйын кырдаалда адамдар бири-бирин жоошутуп, колдоо көрсөтө алат", — деди социалдык иштер боюнча психолог Анфиса Калистратова.

Кучакташуу адамга жакшы таасир берет, мындан улам жакын адамдар менен чын жүрөктөн тез-тез кучакташып туруу абзел. Айрыкча балдар үчүн бул абдан маанилүү көрүнүш. 

Жаңылыктар түрмөгү
0