Соцтармакта баласынын жылаңач сүрөтү менен акча табууну сунуштагандар болууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБаланы колунан кармаган адам. Архив
Баланы колунан кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өз баласын 70 жаштагы киши менен интимдик жолугушууга алып барууга макул болчу энелерге 30 миң евро сунушталууда. ИИМ бул ишти иликтөөгө аларын билдирди.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Социалдык тармактардын биринде кыргызстандык аялга өз баласын акча үчүн жылаңычтап сүрөткө тартып берүү сунушу түштү. Бул тууралуу атын атагысы келбеген жаш эне Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына өзү айтып берди. 

"Социалдык тармактагы баракчамда балдарымдын Ысык-Көлдүн жээгинде түшкөн бир нече сүрөтү бар болчу. Ал кезде үч жаштагы уулум сүрөттө жылаңач эле. Ошондон уламбы, айтор, бир адам мага жаза баштады", — деди аял.

Анын айтымында, бейтааныш адам жаза баштаганда жанында турган эжеси демилгени өз колуна алган.

© Фото / отправленное по WhatsApp-каналуСоцтармактагы жазышуунун скриншоту
Скриншот переписки в социальной сети - Sputnik Кыргызстан
Соцтармактагы жазышуунун скриншоту

"Менин атыман ага эжем жооп бере баштады. Биринчи ал акча зарылдыгын сураганда, "ооба, акча керек" деп жооп бердик. Ошондо балдарың барбы, канча жашта деп сурай баштады. Андан кийин балдар сулуубу, толук эмеспи дегенге чейин барды", — деди жаш эне.

© Фото / отправленное по WhatsApp-каналуСоцтармактагы жазышуунун скриншоту
Скриншот переписки в социальной сети - Sputnik Кыргызстан
Соцтармактагы жазышуунун скриншоту

Маалыматка караганда, андан соң бейтааныш адам балдардын жылаңач сүрөтүнө 500 евро берерин айткан.

"Мындан тышкары, эгер баламды Skype камерасынын алдында сабасам, 2500 евродон жогору, ал эми жарым саат бою анын айтканын кылсам, андан да көп төлөп берерин айтты", — деди аял.

© Фото / отправленное по WhatsApp-каналуСоцтармактагы жазышуунун скриншоту
Скриншот переписки в социальной сети - Sputnik Кыргызстан
Соцтармактагы жазышуунун скриншоту

Аялдын айтымында, андан аркы сөздөр акылга сыйгыс боло баштаган.

© Фото / отправленное по WhatsApp-каналуСоцтармактагы жазышуунун скриншоту
Скриншот переписки в социальной сети - Sputnik Кыргызстан
Соцтармактагы жазышуунун скриншоту

"Баланы мейманканага алып кете турган 70 жаштагы чет элдик миллионер кардар бар экенин айтты. Ошондой эле айтып жаткан кардары төлөп берген 50 миң евронун 20 миңин өзү аларын, калганын бизге берерин кошумчалады", — деди эки баланын энеси. 

© Фото / отправленное по WhatsApp-каналуСоцтармактагы жазышуунун скриншоту
Скриншот переписки в социальной сети - Sputnik Кыргызстан
Соцтармактагы жазышуунун скриншоту

Ошондон кийин бейтааныш адам менен интернет аркылуу сүйлөшүп жаткан аялдар педофил жөнүндө милиция кызматкерлерине кабарлаган.

"Бизге милициядан арыз жазгыла деп кайдыгер гана жооп берип коюшту. А мен бейтааныш адам менен болгон маегимди скриншот кылып, WhatsApp мессенжериндеги "Молодые мамочки" деп аталган тайпага жөнөттүм", — деди ал.

Ошондон кийин балдарынын сүрөттөрүн социалдык тармактардан өчүрүп салганын айтты.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев педофил менен бала өлтүргөндөрдү мөөнөтүнөн эрте бошотууга тыюу салды
Жаш эне "албетте, ар бир эле аял өз бактысы менен бөлүшкүсү келет. Бирок ушул сыяктуу ар кандай педофилдерге балаң тууралуу маалымат бергенден көрө, сүрөттөрдү илбей койгон жакшы экен. Сак болгула ", — деп өз сөзүн жыйынтыктады. 

ИИМдин маалымат кызматынан бул ишти иликтеп көрүүгө аракет кылаарын билдиришти.

Бир ай мурда Жогорку Кеңештин депутаттары педофилдерге карата жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан

Бирок пленардык жыйында мыйзамды өзгөртүү боюнча маселе карала элек.

Мурдараак наристелерди кордогондорго өлүм жазасын колдонуу сунушталган. Анткен менен мындай жаза Баш мыйзамга каршы келет деп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0