Ош: "Маш ботойду" черткен 1000 комузчунун катарындагы 100 өнөрпоз сыйланды

© Sputnik / Табылды КадырбековТоржественное открытие Вторых Всемирных игр кочевников в Бактуу Долоноту
Торжественное открытие Вторых Всемирных игр кочевников в Бактуу Долоноту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев ар бир өнөр ээсине ыраазычылык билдирүү менен чыгармачылык ийгиликтерди каалаган.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндарында "Маш ботой" күүсүн аткарган 1000 комузчунун катарында кол ойноткон Ош облусунан барган 100 комузчуга президенттин ыраазычылык каты тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Президент ар бир өнөр ээсине ыраазычылык билдирүү менен чыгармачылык ийгиликтерди каалаган.

"Мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы беделин көтөрүү ишине кошкон зор салымыңызды абдан жогору баалайбыз. Элибиз сыймыктанган өнөрүңүз өркүндөй берсин. Сизге бекем ден-соолук, байгерчилик, бакты-таалай жана чыгармачылыктагы ийгиликтерди каалайм", — деп мамлекет башчынын катында жазылган.

Комузчуларга ыраазычылык катты өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0