Авиакырсыктан жабыркагандарга пенсионер 20 миң сом пенсиясын берди

Жазылуу
Казиева жалпы элдин башына түшкөн оор күндөрү элди бөлүп-жарууга аракет кылган адамдардын бар экенине кабатырланат.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кызматкери, 70 жаштагы пенсионер Бермет Казиева авиакырсыктан жабыркагандарга өзүнүн 20 миң сом өлчөмүндөгү пенсиясын бергендигин окуу жайдын маалымат катчысы Абилилла Пазылов билдирди. 

© Фото / пресс-служба КГМААвиакырсыктан жабыркагандар үчүн ӨКМ ачкан атайын эсепке которулган каражаттын квитанциясы
Квитанция банка, свидетельствующая о перечислении на спецсчет МЧС КР средств пострадавшим в авиакатастрофе - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсыктан жабыркагандар үчүн ӨКМ ачкан атайын эсепке которулган каражаттын квитанциясы

"Өзүм Кочкор районунун алыскы айылдарынын биринде жетим болуп чоңойгом. Ата-энесиз калган баланын кайгысын өз башыман кечиргем. Ошондуктан кырсыктан жабыр тарткан адамдардын ден-соолугу жакшырып, аманчылыкта болушун тилейм", — деди Казиева. 

Пазыловдун айтымында, Казиева ошондой эле жалпы элдин башына түшкөн оор күндөрү элди бөлүп-жарууга аракет кылган адамдардын бар экенине кабатырланат.

Кыйраган учактан Кыргызстан кандай сабак алышы керектиги тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0