Кырсыктан жабыркагандар үчүн ачылган эсепке 5,7 млн. сом чогулду

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOУчак кыйраган жердеги ӨКМ кызматкерлери.
Учак кыйраган жердеги ӨКМ кызматкерлери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акча ар кыл валютада — сом, рубль, теңге, доллар, евро, юань түрүндө кабыл алынып жатат.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Саат 10.00гө карата ӨКМдин авиакырсыктан жабыркагандар үчүн ачкан атайын эсебине 5 миллион 723 миң 783 сом чогулганын аталган министрлик билдирди.

Бизнес коомчулук, жеке тараптар, министрликтер менен ведомстволор жана башка каалоочулардын бардыгы төмөнкү реквизиттер аркылуу каражат которо алышат:

  • Эсеп номери 4407012100007868 
  • КР Финансы министрлигинин борбордук казыналык банкы 
  • БИК 440001 
  • Эсеп коду 14238900. 
  • Ош шаары 
  • Моминов көчөсү, 11
  • ОКПО 22710535
  • ИНН 00103200110150
  • Код УГНС 032 

Акча ар кыл валютада — сом, рубль, теңге, доллар, евро, юань түрүндө кабыл алынат. 

Лидер фракции Ата Мекен Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
Текебаев: кыйраган учак май куюу үчүн эмес, жүк алып келген. Ал кимдики?
Мындан тышкары, ӨКМ атайын эсепке министрликтин финансыны башкаруу жана бухгалтердик эсеп башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Эргешов жоопкер экенин белгиледи. Аны менен 0770 022 022, (0312) 54 79 01 телефондору аркылуу байланышууга болот. 

2017-жылдын 16-январында Гонконгдон Стамбулду көздөй келе жатып, Бишкектен май куюу үчүн "Манас" аэропортуна токтомок болгон Boeing-747 учагы Дача айылынын үстүнө таңкы саат 7:18де кулаган. Кырсыктан 38 киши көз жумуп, 16 киши жабыркаган. 17-январь Кыргызстанда аза күнү деп жарыяланган. 

Аталган кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитетинин адистери иликтеп жатат. 

Кыйраган учактан Кыргызстан кандай сабак алышы керектиги тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0