Учак кырсыгынан жабыркаган 13 киши ооруканада жатат, бирөө реанимацияда

© Sputnik / Сергей Красноухов / Медиабанкка өтүүКрупное ДТП с участием скорой помощи на Сахалине
Крупное ДТП с участием скорой помощи на Сахалине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-январь күнү "Гонконг — Стамбул" каттамы менен келе жаткан Boeing – 747 жүк ташуучу учагы "Манас" аэропортуна жакын Дача айылына кулап түшкөн. Жыйынтыгында 34 жергиликтүү тургун жана экипаждын төрт мүчөсү каза болгон.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Дача айылындагы авиакырсыктын жыйынтыгында жаракат алып, ооруканада жаткандардын абалы дурус. Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Учурда ооруканада медициналык көзөмөлдөн өтүп 13 адам жатат.

1. Улуттук госпиталь:

  • Бакытбек Олжобаев, 34 жашта, кулак жагы жырылган — абалы дурус.

2. Бишкек ортопедия жана травматология борбору:

  • Сагынбек Рахманов, 29 жаш, денеси 45 пайызы күйүп калган — азырынча реанимацияда, абалы ошол бойдон.

3. Бишкектеги балдардын тез жардам клиникалык ооруканасы: 

  • Сайкал Жапарова, 13 жаш, мээси чайкалган, маңдайы жырылып кеткен, согончогу сынган; 
  • Нурлан кызы Сайкал, 6 жаш, мээси чайкалган; 
  • Мирлан кызы Азиза, мээси чайкалган; 
  • Куштарбеков Б., 15 жаш, колу-буту жана далысынын эттери жанчылып калган; 
  • Аяна Иманканова, 9 жаш, мээси чайкалган; 
  • Тынай Иманканов, 2 жаш, мээси чайкалган; 
  • Бактыгүл Кубатова, 30 жаш, төш эти ичинен жанчылып калган (Иманкановдордун энеси); 

Дарыгерлердин айтымында, учурда балдардын абалы турукташып калды.

4. Шаардык гинекологиялык ооруканасы: 

  • Адина Айтбекова, 26 жаш, кош бойлуу —16 жума, абалы жакшы, бойдон түшүү коркунучу жок.

5. Кочкор аймактык ооруканасы: 

  • Эрлан Шаршенбеков, 16 жашта;
  • Нурлан уулу Мирлан 13 жашта. Экөөнүн тең абалы жакшы

Бардык жабырлануучулар керектүү дары-дармек менен камсыз болуп, дарыгерлер тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.

Кыйраган учактан Кыргызстан кандай сабак алышы керектиги тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0