Балыкчы: мэриянын алдындагы балатылар башка жакка көчүрүлөт

© © SputnikПересадка елей, растущих на площади у мэрии в Балыкчи
Пересадка елей, растущих на площади у мэрии в Балыкчи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балатылар мындан 40 жыл мурун отургузулган.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Балыкчы шаардык мэриясынын алдындагы балатылар шаардын башка бөлүктөрүнө отургузуларын аталган калаанын муниципалитети билдирди. 

Маалыматка караганда, имараттын алдындагы балатыларды кыйып салбастан башка жакка отургузуу демилгесин шаар мэри Алмаз Мамбетов көтөргөн. 

"Ийне жалбырактуу дарактар борбордук Абдрахманов көчөсүнүн ар кайсы бөлүктөрүнө отургузулуп, шаарды жашылдандыруу жумуштарынын уландысы болмокчу. Буга кошумча 52 түп балаты Кычан жана Абдылдаев орто мектептеринин, ошондой эле борбордук мечиттин айланасына тигилет ", — деп жазылат маалыматта.

Балыкчы шаардык мэриясынын алдына балатылар мындан 40 жыл мурун отургузулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0