Ош аэропортундагы каттамдар убактылуу токтотулду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүГорода мира. Ош
Города мира. Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оштогу коюу тумандын айынан Москвадан келген учак “Манас” аэропортуна келип конду.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Ош аэропорту аба ырайына байланыштуу убактылуу өз ишин токтотту. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине "Манас" аба майданынын маалымат кызматы билдирди. 

Билдирмеге караганда, Оштогу коюу тумандын айынан үч рейс токтотулган.

"17-январдагы расписание боюнча Ош — Бишкек каттамы менен саат 20.00дө, 23.30да жана 23.55де үч самолет учмак. Бирок коюу туманга байланыштуу каттамдар токтотулду. Абал эртең менен жөнгө салынары күтүлүүдө", — деп маалымат кызматынан билдиришти. 

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Москвадан келген учак “Манас” аэропортуна келип конгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0